Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 16:24

"Бишкектеги ыш үчүн баарыбыз жооптуубуз"


Кинорежиссер Ильгиз Шернияз.

"Азыркы кыргызстандык" рубрикасынын бүгүнкү каарманы кинорежиссер Илгиз Шернияз.

Анын "Көк бөрү", "Мергенчи" деген тасмалары бир катар эл аралык жана жергиликтүү фестивалдарда, атай кетсек CINEMA CAMP, RURE, Hollywood Venus award, "Кыргызстан кыска метраждуу тасмалар өлкөсүндө" байгелүү сыйлыктарга ээ болгон.

26 жаштагы Илгиз бир нече жергиликтүү жана эл аралык сынактардын катышуучусу жана лауреаты. Жакында эле "Фрунзе" деген фильминин бет ачары болду. Ал документалдык тасмасында Бишкектеги абанын булганышы тууралуу көйгөйдү көтөргөн.

- Илгиз, "Фрунзе" аталышындагы документалдык тасмаңыздын ачылышы болду. Тасманын негизги өзөгү тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?

- Тасма тартуу идеясы эки жыл мурун келди. Себеби, ошол убакта Бишкектеги аба болушунча булганып, ыш каптап жаткан. Буга кайдыгер карай алган жокмун. Дароо сценарийин иштеп чыктык. Негизинен материал дайын болчу. Бир эле биздин медиа эмес, дүйнөлүк маалымат каражаттары Кыргызстандагы ыш тууралуу айта башташкан. Ошол боюнча биз фильмди тартып баштадык. 30 жыл мурун эң таза шаар аталган Фрунзе, кантип эле бүгүнкү күндө эң булганган шаарлардын сап башына чыгып калды? Мына ушул суроого жооп тапканга аракет кылдык. Улуу муун менен сүйлөшүп калганда, алар Фрунзени эң бир таза, эң бир жашыл шаар катары, сүйүүнүн шаары катары тамшануу менен эскеришет. Мен дагы азыркы Бишкек эмес, мурдагы Бишкекте көбүрөөк жашагым келчүдөй сезилет. Негизи биз күнүмдүк турмушта канчалык кара түтүн алдында жашап жатканыбызды көз менен көрүп байкай бербейбиз, ал эми шаардын четине чыксак, абдан жакшы көрүнөт.


- Бишкек дүйнө шаарларынын арасынан абанын булганышы боюнча алдыңкы орундарды ээлеп келет. Үч жылдан бери кыштын суук күндөрүндө биринчи орунга да чыгып жатат. Адистер буга Жылуулук электр борборунан (ТЭЦ), жеке турак жайлардан чыккан түтүн, автоунаалар бөлүп чыгарган зыяндуу газдар себеп экенин белгилешет. Сиз дагы кандай себептерин көрө алдыңыз жана кантип чечсе болот деп ойлойсуз?

- Бул меселени чечүүнүн эки жолун карап көрсөк болот. Жогорку мамлекеттик дэңгээлде жана ылдыйкы жеке инсандык деңгээлде. Жеке инсандык деңгээлде чечүүнүн жолдору – бул ар бирибиздин кайдыгер эмес мамилебиз. Мисалы, желим буюм-тайымдарды, таштандыларды отко жакпай койсок болот. Бизде “мен эле жакпай калсам, абанын булганышы өзгөрүп кетмек беле” деген туура эмес ой бар. Эгерде ар бир адам ошентип ойлой берсе, биз абанын булганышына салым кошуп жаткан болуп калабыз. Же болбосо көп адамдар кичине акчага кызыгып, айдап жүргөн автоунаасынын фильтрлерин сатып жиберишүүдө.

Ал катализатор машинеден чыккан зыяндуу заттардан абаны коргоо үчүн колдонулушу керек. Бишкекти дрон менен тартканда биздеги курулуш тармагында өтө одоно каталар оркоюп чыгат. Мисалы, мурда Фрунзени желдетүү үчүн атайын жолдор салынып, үйлөрдүн арасында атайын ачык жерлер калган болсо, азыркы үйлөр адам өтө албагандай болуп, бири-бирине кыналып салынып жатат. Бул курулуштарга уруксат бергендер же көзү көрбөйт, же көзүн жумуп кайдыгер мамиле жасашат. Кээ бир үйлөргө өрт өчүрүүчү автоунаа гана эмес, "Тез жардам" машинеси дагы кире албай калат. Бишкекте азыр жел жүрбөйт, ыштын бирден бир себеби ошол деп ойлойм.

Илгиз Шернияз фильм тартуу учурунда.
Илгиз Шернияз фильм тартуу учурунда.

- Буга чейинки тасмаларыңызда да ушундай социалдык маселелерди көтөргөнсүзбү? Коомдогу көйгөйлөрдү алып чыгууда ушундай тасмалардын ролу канчалык?

- Эң алгачкы тасмам "Мергенчи" деп аталат. Анда белгилүү сүрөтчү Айып Алакунов жана анын чыгармачылыгы баяндалат. Бул менин эң алгачкы студенттик тасмам. Кубанычтуусу, ушул тапта Париж шаарында Айып Алакуновдун сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Андан кийин дипломдук ишим катары "Көк бөрү" тасмасын тарттым. Ал улуттук оюндун келип чыгышы, аталышы тууралуу. "Фрунзе" деген тасмам мурдагы фильмдерден кыйла айырмаланат. Себеп дегенде, биз буга чейин улуттук баалуулуктарыбызды дүйнөгө таанытышыбыз керек деп көп аракет кылдык. Мындай тасмалар туризмге чоң таасирин берет.

Сизге математикалык жактан эле эсептеп берсек, мисалы, бир фильм эки жылдай ар кандай фестивалдарга катыша алат. Дүйнөнүн 20 өлкөсүндө да көрсөтүлсө, ошол жактагы адамдар тасма аркылуу мамлекетибиздин маданиятын, баалуулуктарын тааныса, алардын миңдейи Кыргызстан тууралуу маалымат алып калса, 500дөйүнүн Кыргызстанга келүү ниети болсо, бул биздин туризмге кошкон чоң салымыбыз.

Маектин аудиосун бул жерден угуңуз:


Ал эми бул фильм биздин көйгөйүбүз тууралуу болуп жатпайбы. Биринчи жолу биз социалдык көйгөйгө кайрылдык. Мен деле социалдык тармактарда отуруп алып, ыш тууралуу толтура нерсе жазып койсом болмок, бирок мен өзүмдүн кесибим аркылуу ошол көйгөйдү чагылдыргым келди. Менимче, ар бир адам активист болуш керек, бирок өзүнүн кесиби, позициясы аркылуу реакция жасаш керек. Мисалы, журналист ыштын себебин изилдеп, жазыш керек, сүрөтчү ошону тартып, көрсөтмө уюштуруп, элдин көнүлүн бурдуруш керек. Биз болсо фильм аркылуу чагылдырышыбыз керек.

- Келечекте дагы кандай көйгөйлөрдү көтөрүп чыгайын деген оюңуз барбы? Документалдык тасмаларды эле тартууну улантасызбы же көркөм фильмдерди тартуу да оюңузда барбы?

- Келечекте улуттук баалуулуктарды көтөрүп чыгуу ниетим бар. Көйгөй тууралуу айтып берип, документалдык фильм тарткан оор. Себеби, көбү көйгөйлөрдү кабыл алгысы келбейт. Ал эми биз ышты айланып өтүп кете алган жокпуз. Себеби, биз күн сайын кир аба менен дем алып жатабыз. Бир жылда төрт айдай булганган аба менен дем алабыз. Кээде абанын булганышы нормадан 8-10 эсе ашып кетип жатат. Бул күнүнө 8-10 таңгак тамеки чеккенге барабар. Мындан кийин тартыла турган тасмалардын сценарийи бар. Ал "Улут үнү" деп аталат. "Манас" эпосунун күчү, мистикасы жана манасчыларга аян берилген аян тууралуу болот. Сценарийи төрт-беш жылдан бери иштелип жатат.

Бишкекти каптаган кара түтүн
please wait

No media source currently available

0:00 0:35:34 0:00


- Азыркы кыргызстандык кандай адам болуш керек? Сиз кандай элестетесиз?

- Азыркы кыргызстандык – бул мамлекеттин келечегине кайдыгер карабаган, “Кыргызстан өнүкпөйт, өспөйт” деп колун шилтеп койбогон, “мамлекет мага эмне кылды дебей, мен мамлекетке эмне кылдым” деген жана өзүнүн кесиби аркылуу колдон келишинче мекенине жардам берген адам. Үмүт өчпөш керек. Баалуулуктарыбызды көтөрүп чыгып, дүйнөгө таанытканга аракет кылышыбыз зарыл.

Жылдыз Арыстанбек кызы даярдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG