Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:35

Бишкекке ишкер мэр болду


Эмилбек Абдыкадыров.
Эмилбек Абдыкадыров.

Бишкек шаарынын мэри дагы алмашып президент Садыр Жапаров Эмилбек Абдыкадыровду жаңы калаа башчысы кылып дайындады. Ал 2020-жылы Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта логистикалык борбор салууну көздөгөн ишкер катары белгилүү. Бишкек шаардык кеңешинде бир нече жолу депутат болуп, вице-мэр кызматында да иштеген Абдыкадыров боюнча коомчулукта пикирлер бир кылка эмес.

Жаңы мэрдин дымагы жана өтмүшү

Президент Садыр Жапаров Эмилбек Абдыкадыровду Бишкектин мэри кылып 24-февралда дайындады. 64 жаштагы Абдыкадыров 2020-жылы кытайлык ишкер өнөктөшү Лю Ин менен Нарындын Ат-Башы районунда индустриялык соода-логистикалык борбор куруу демилгеси менен белгилүү. Наркы 280 млн. долларга бааланган долбоор жергиликтүү элдин каршылыгы менен ишке ашпай калган. Бишкектин жаңы мэри ишти калаа тургундарынын көкөйүнө көк таштай тийген көйгөйлөрдү чечүүдөн баштай турганын айтып жатат.

“Коомдук транспорт, сугат, түтүн, автожолдогу тыгын андан тышкары шаардагы энергетикалык коопсуздук, жарыкты сарамжалдуу пайдалануу жана экология маселелери бар. Мен ушул чоң-чоң көйгөйлөрдү өз-өзүнчө кылып алып чыгып концепцияга, программага киргизем. Шаардыктар шаардын өзгөргөнүн көрүш керек. Биздин борбор жашыл, биз сыймыктангыдай шаар болушу керек. Мэр саясатчы эмес, чарбачыл киши болушу зарыл. Анын бир эле максаты – шаарды оңдош керек”.

Ал бул кызматты президент Садыр Жапаров сунуштап маселе бир сааттын ичинде эле чечилгенин, мэрдин орду өзү үчүн да күтүүсүз болгонун айтты.

Ат-Башы районуна салынбай калган индустриялык соода логистикалык борбордун долбоору.
Ат-Башы районуна салынбай калган индустриялык соода логистикалык борбордун долбоору.

Бишкек мэриясы Эмилбек Абдыкадыров үчүн чоочун жер эмес. Ал тунгуч президент Аскар Акаевдин бийлиги тушунда 2002-2005-жылдары жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысынын орун басары, же башкача айтканда вице-мэр болуп иштеген. 1990-2004-жылдары үч жолу Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп шайланган. 2008-2010-жылдары өкмөткө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болгон.

Ал 2015-жылы Өмүрбек Бабановдун “Республика” жана Камчыбек Ташиевдин “Ата-Журт” партиялары бириккен “Республика – Ата-Журт” партиясы менен Жогорку Кеңешке шайлоого катышкан. 2020-жылы октябрь айында өткөн чуулуу парламенттик шайлоого Садыр Жапаровдун “Мекенчил” партиясы менен алтынча катарда барган.

Эмилбек Абдыкадыров ишкер катары да белгилүү. Ал “Нур Строй Монтаж”, “ЭлитТауэрс” деген эки курулуш компаниясынын, “Кереге проект”, “Алма”, “Сары-Таш”, “Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” ишканаларынын ээси. Жаңы мэр Бишкекте коммерциялык кызыкчылыгы жок экенин билдирүүдө.

“Мыйзамдын чегинде иштейбиз. Кызыкчылыктар болбойт. Менин кызматка келгеним элдин бийликке ишенимин арттыруу. Бүт нерсе ачык-айкын болушу керек. Ошондо гана эл бийликке ишенет, ишибиз алдыга жылат”.

Эмилбек Абдыкадыровго сын-доомат да жок эмес. Интернеттеги ачык булуктардагы маалыматка караганда, 2006-жылы Башкы прокуратура ага жер маселесине байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Башкы көзөмөл органы “Абдыкадыров 2003-жылы Бишкектин вице-мэри болуп турганда эки жер тилкесин жеке менчикке берүү боюнча мыйзамсыз токтом чыгарган” деген айып койгон. Кылмыш иши эмне болуп бүткөнү тууралуу маалымат жок. Бул ишти убагында гезитке жазып чыккан журналист Асланбек Сартбаев буларды эстеди:

Асланбек Сартбаев.
Асланбек Сартбаев.

“Ал кылмыш ишин Бакиевдердин убагында бүтүрүп алган. Андан бери 15 жылдай убакыт өтүп кетип азыркы журналисттер, эксперттер анын тарыхын билбейт. Ал кезде мен журналист катары бул кишинин иштерин жазгам да. Таза, булганбаган, элге үлгү көргөзө турган кадрлар кызматка келиш керек. Бишкектин мэри кызматына биз ушундай кадрды такыр эле алып келе албай койдук. Дайыма эле саясий кызыкчылык, регионалдык жагын карап жумушка коюшат же акча ойнойт. Ушинте берип Бишкекти кордодук. Шаардыктар 10 жылдан бери татыктуу мэрге жарыбай койдук”.

Эмилбек Абдыкадыров ага карата кылмыш иши козголбогонун айтып, бул маалыматтарды четке кагууда.

Мэрге жарыбаган Бишкек

2020-жылдын Октябрь окуяларынын кийин эки күн дайыны чыкпай калган ошол кездеги мэр Азиз Суракматов кийин ишке чыгып, аралыктан иштегенин айткан эле. Суракматов 20-октябрда кызматын тапшырып, аны Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу ниети менен түшүндүргөн. Ал Бишкек шаарын 2018-2020-жылдары башкарды. Суракматов мэрликтен кетер алдында 2008-2010-жылдары мэр болгон Нариман Түлеевди биринчи вице-мэр кылып дайындап, Түлеев мэрдин милдетин аткаруучу болуп калган.

Бирок өздөрүн жарандык активист жана Бишкектин тургундары катары тааныштырган адамдар мэриянын алдында митинг өткөрүп, Түлеевдин мэр болушуна каршы чыгышкан. Ушундан улам ал 22-октябрда кызматтан кеткен.

Узакка созулган кызмат талаштан кийин 27-октябрда шаардын жетекчилигине Балбак Түлөбаев келген эле. Ошол учурдагы премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругу менен ал 2021-жылы 9-февралда Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кызматынан өз арызынын негизинде бошотулган.

Мындан соң президенттин колдоосу менен Эрмек Нургазиев аттуу ишкер 9-февралда мэрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, бир күн өтүп-өтпөй 10-февралда кызматтан алынган. Буга курулуш тармагында иштеген Нургазиевдин аялдарга кол көтөргөн видеосу тараганы себеп болгон.

Мындан соң мэрдин милдетин аткаруучу болуп мурда Чүй облусун башкарган Бактыбек Кудайбердиев келип, борбор калааны жарым жылга жакын башкарды. Анын ордуна 2021-жылы Бишкек шаардык кеңеши шайланган соң Оштун экс-мэри Таалайбек Сарыбашов барып, он күн гана иштеп, өз арызы менен кызматтан кетип Жогорку Кенештин шайлоосуна катышты.

“Шаардыктар бир айда ушул иш жасалат, бир жылда мындай жумуш болот, төрт жылда ушундай көрсөткүчкө келебиз деген сыяктуу мэрлердин планын көрүш керек. Болбосо булар эртең менен таштанды чыгарып, кечинде жарыкты күйгүзүп коюп эле жүрө беришет экен. Эми жаңы мэрди кандай артыкчылык менен бекиткенин түшүнгөн жокмун. “Эски мэр ушул-ушул иштерди аткара албай жумуштан кетти, жаңы келген мэр мына буларды жасайт” деген тапшырма болуш керек да. Бишкек деген сыноо аянтчасы болбошу керек”, - деди жарандык активист Атай Бейшенбек.

Ошентип, Бишкекти бир күн, он күн болсо да башкарбаган киши калган жок. Булардын тизмесине 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин мэрияны басып алып өзүн калаа башчысы деп жарыялагандар кошулган жок.

Таалайбек Сарыбашовдон кийин былтыр 12-августта премьер-министрдин биринчи орун басары Айбек Жунушалиев мэр болуп дайындалган. Ал бир жылдан кийин кызматынан төмөндөтүлүп, президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын жетекчиси кызматына барды. Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов буларга токтолду.

Рысбай Аматов.
Рысбай Аматов.

“Бишкекте эң биринчи коомдук транспорт маселесин, андан кийин таштанды таштоочу аймактын көйгөйүн чечиш керек. Шаар деген жумушка, окууга барып келатканда эле ыңгайлуу эмес, бизнес жасоого, адамдар өзүн ыңгайлуу сезген шаар болушу зарыл”.

Чуулуу кызмат

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” жаңы мыйзам боюнча азыр Бишкек, Ош шаарларынын жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлерин президент беш жылга дайындайт. Саясатчы Бектур Асанов жаңы Конституция боюнча президент бардык жоопкерчиликти өзүнө алганын айтты.

Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

“Президент “Конституция өзгөртүлдү, бардык жоопкерчиликти өзүмө алам” деп айткан. Азыр айыл өкмөт башчылары, шаар мэрлери шайланбай дайындалып калды. Президент айткан сөзүн аткарып атат. Бул бир четинен туура. Себеби, жоопкерчиликти алгандан кийин бардыгын өзү дайындасын. Ал өзүнө жакын, тегерегиндеги адамдарды коёт да. Буга да макулмун. Бирок бир жылдан бери расмий бийликте отурат. “Баарын жыргатам” деген. Эми элге отчет бере турган убакыт келди. Коомчулук президенттен отчет талап кыла баштайт”.

Бишкек шаарынын мэрлиги – чуулуу кызмат. Борбордун мурдагы бир нече жетекчиси соттолгон. 2008-2010-жылдары шаарды башкарган Нариман Түлеев “Бишкектин мэри болуп турганда Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келүүдө кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген” деп соттолгон. 11 жылга кесилген Түлеев 2016-жылы мамлекетке келтирилген зыянды төлөө шарты менен абактан эрте бошотулган.

Андан кийин шаарды башкарган Кубанычбек Кулматов да түрмөгө отуруп чыкты. Кулматовдон соң мэр болгон Албек Ибраимов да абакка кесилген. 2020-жылы 6-октябрга караган түндөгү тополоңдо тарапкерлеринин аракети менен абактан чыгып, ошол бойдон кайткан эмес. Азыр издөөдө жүрөт.

Азиз Суракматов “коррупция” жана “мыйзамсыз баюуга” шек саналып, былтыр 26-майда кармалып абакка отуруп чыкты. Ал күнөөсүн моюнга алып мамлекетке 170 млн. сом материалдык зыян төлөп берген. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу быйыл кылмыш ишин токтотту.

XS
SM
MD
LG