Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:14

Бишкек: "Тазалыктын" жумушчулары жетекчисине каршы митингге чыкты


Жетекчисине нааразы болгон "Тазалыктын" кызматкерлери. Бишкек, 15-апрель, 2022-жыл.
Жетекчисине нааразы болгон "Тазалыктын" кызматкерлери. Бишкек, 15-апрель, 2022-жыл.

Бишкек шаардык мэрияга караштуу "Тазалык" муниципалдык ишканасынын айрым жумушчулары 15-апрелде митингге чыгып, жетекчиси Азат Сагыновдун иштен алынышын талап кылышты. Алар бул тармакты билген адамдар башкарышы керектигин айтып, жетекчилер тынбай алмашып жатканына нааразы болушту. Ошондой эле коопсуздук маселеси каралбай, машинелерге тетиктер алынбай жатканына жана айлык маселеси жакшы чечилбей жатканына даттанышты.

Митингге чыккандар менен жолугууга келген мэрдин орун басары Жамалбек Ырсалиевди сүйлөтпөй, шаар башчысынын өзүнүн келишин талап кылышты.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров жана басма сөз кызматы бул нааразылык акцияга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Азат Сагынов "Тазалыкка" өткөн жылдын соңунда жетекчи болуп келген. Ал дагы нааразы болгондордун дооматтары тууралуу үн ката элек.

"Тазалык" Бишкектин көчөлөрүн, коомдук жайларын тазалап, күнүнө 500 тоннанын тегерегинде таштанды чыгарат. Аталган ишканада 1,5 миңдей адам иштейт жана буга чейин жумушчулар көчө тазалап жаткан учурда машине коюп кетип каза болгон учурлар катталган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG