Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Министр: Бишкектеги мектептердин деректирлери ротация болот


Бишкекте 96 мектеп бар, анын 22синде окуучулардын саны нормадан кыйла жогору экени айтылган.
Бишкекте 96 мектеп бар, анын 22синде окуучулардын саны нормадан кыйла жогору экени айтылган.

Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев "Азаттыктагы" маегинде билдирди. Ал ротация жараянын негизинен ата-энелердин билим берүүнүн сапаты начар деген жүйө менен балдарын үйүнүн жанындагы мектепке бербей жаткан көрүнүш менен байланыштырды.

"Азыр балдар барбай жаткан мектептерди толтурбасак, анда биз 20 эле мектепти сактап калып, калганын жабышыбыз керек болот. Катталган жери кайда болсо ошол жердеги мектепке барсын деген саясат болуп жатат. Ошол мектептердин сапатын көтөрөлү деп жатабыз. Бир эле электрондук кезекке коюу менен маселе чечилип калбайт. Жайында деректирлердин аттестациясы, ротациясы болот. Балким күчтүү уюштургуч мектеп деректирлерин артта калган мектептерди көтөрүү үчүн колдонобуз. Жакшы иштеген мугалимдерди жылыштарыбыз. Андай кылбасак Бишкекте бул эң чоң көйгөйгө айланды. Балдардын баары 10-20 мектепке толуп алат, калган мектептерде алардыкындай жүк болбойт", -деди министр.

Бишкек шаарында 96 мектеп бар жана буга чейин негизинен 22 мектепте окуучулардын саны нормадан кыйла жогору экени айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG