Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:06

Ошто синтетикалык маңзат сатууга шек саналып эки аял кармалды



Бишкектин негизги көчөлөрүндөгү баңгизаттын жарнамасы. Мындай билдирүүлөр шаарда кадам сайын кездешет.
Бишкектин негизги көчөлөрүндөгү баңгизаттын жарнамасы. Мындай билдирүүлөр шаарда кадам сайын кездешет.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголду жана тергеп-иликтөө, шектүүлөрдүн дагы башка шериктерин аныктоо иштери жүрүп жатат.

ИИМ өткөн айда интернет аркылуу баңгизат саткан 30 онлайн-дүкөндү жапканын билдирген. Анда милиция Darknet, ViPole, Telegram жана башка социалдык түйүндөрдө тыюу салынган заттарды саткандарга дайыма мониторинг жүргүзүп турары белгиленген.

Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын аймактарына психотроптук заттарды жайылтуучу туруктуу баңгилик топтор кармалып, синтетикалык баңгизаттарды даярдоочу лабораториялар аныкталган. Жыйынтыгында 30 кг ашык баңги каражаттар жана психотпроптук заттар алынган.

“Азаттык” жакында эле Кыргызстанда баңгизаттын онлайн тарашын иликтеген. Иликтөөдө Телеграм каналдар аркылуу “мефедрон”, “спайстан” баштап героинге чейин сатылып жатканы айтылган. Дарыгерлер синтетикалык баңгизатты өспүрүм окуучулар көп колдоно баштаганын эскертип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG