Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

COVID-19: оору жуккан учурлар эки күндөн бери кайра каттала баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, соңку бир күндө коронавирус жети адамдан аныкталды. Андан мурдагы күнү эки кишиге жуккан. Ага чейин бир канча күн катары менен оору жуккан учурлар болгон эмес.

Оорудан каза болгон учурлар 3-апрелден бери каттала элек.

Кыргызстанда 15-апрелге карата коронавирус болгондордун жалпы саны 200 980 кишиге жетти, оорудан 2991 бейтап көз жумду.

Ушул тушта ооруканаларда 55 адам жатат, жана алардын төртөө оор, дагы 14 бейтап орточо оор абалда. Ал эми үйлөрүндө 37 киши дарыланууда.

Өлкөдө вакцинанын бир дозасын алгандар 1,5 миллион адамдан ашты, ал эми толук эмделгендер 1,2 миллиондон көп. Бустердик (үчүнчү) доза 161 миңден ашуун кишиге сайылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG