Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:18

Автоунаанын терезесин акы төлөп караңгылатууга уруксат берилди


Автоунаанын алдыңкы терезесин караңгылатып жаткан айдоочу.
Автоунаанын алдыңкы терезесин караңгылатып жаткан айдоочу.

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Жол кыймылы жөнүндө”, “Укук бузуулар жөнүндө кодексине”, “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине”) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Ага ылайык, автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат берилет. Ал үчүн канча акы төлөнөрү жана төлөм тартиби Министрлер кабинетинин чечими менен аныктала турган болду.

“Мыйзамды кабыл алуу максаты- тартип бузуу, кылмыштуулуктун санын азайтуу менен бирге бюджетке түшчү акча каражатынын көлөмүн көбөйтүү”, -деп айтылат расмий таратылган билдирүүдө.

Февралда автоунаалардын айнегин караңгылатууга уруксат берүүнүн шарттарын иштеп чыгуу жана анын баасын аныктоо боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. Жогорку Кеңеш Кыргызстанда автоунаанын каптал айнектерин караңгылатууга (тонировка) уруксат берүү тууралуу мыйзам долбоорун жактырган.

Мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан сунушталып, кабыл алынса, автоунаанын каптал айнектерин караңгылатуунун акысы бир жылга 30-50 миң сом болушу ыктымал деп айтылган. Экономика жана коммерция министрлиги жыл сайын аз дегенде 20 миң айдоочу машинесинин терезесин караңгылатат деген божомолун билдирген.

Айрым эксперттер бул демилгени сынга алып, автоунаа айнектерин караңгылатуу ар кандай зомбулук жана криминалдык көрүнүштөргө жол ачылышы ыктымал деген кооптонууларын айтышкан.

Ички иштер министрлигинин маалыматында, буга чейин терезесин караңгылатып алгандарга 5500 сом айып пул салынып келген. Акыркы алты жылда мындай мыйзам бузуу менен 22 миңдей айдоочу кармалган. Мыйзам боюнча такси, эл ташуучу жана жүк ташуучу автоунааларга каптал айнектерди караңгылатууга уруксат берилбейт. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG