Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

Казакстан: Рузахуновду кыйноо боюнча кылмыш иши токтоп турганы айтылды


Викрам Рузахунов
Викрам Рузахунов

Музыкант Викрам Рузахунов Казакстанда Январь окуялары маалында кармалган учурда Жазык кодексинин “Кыйноо” беренеси менен козголгон кылмыш иши, тергөө да убактылуу токтоп турат. Бул тууралуу музыканттын адвокаты Нурбек Токтакунов 14-апрелде билдирди.

"Казакстан ишти убактылуу токтотуп койду. Бизди ал жакка чакырып жаткан. Бирок биз коопсуздук кепилдигин сураганбыз. Казакстандан болсо "келе бергиле, эч нерсе болбойт" дешти, ал кепилдик эмес да. Биздикилер болсо эмнегедир жардам берген жок. Биз Кыргызстандан бир тергөөчү бергиле, барып келели дегенбиз. Башкы прокуратура биздин арызыбызды шаардык прокуратурага берип салды".

Токтакуновдун айтымында, кепилдик жок болбогону үчүн музыкан тергөөдө көрсөтмө берүүгө бара алган эмес. Эл аралык иштерди Башкы прокуратура жүргүзүшү зарыл. Бул окуяга байланыштуу Кыргызстанда козголгон кылмыш иши боюнча экспертиза далилдерди дайындап жатат. Ал материалдарды кыргыз тарап Казакстанга бериш керек.

Казакстан тараптан бул боюнча комментарий боло элек.

Белгилүү музыкант, пианист Викрам Рузахунов Казакстанда быйыл Январь кармалып, эки күндөн кийин кыргыз бийлигинин кийлигишүүсүнөн соң Бишкекке жеткирилген. Кийин ал ооруканада операция болгон. Рузахунов казак күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып чыккан жана кабыргалары сынып, бир кабыргасы өпкөсүнө кирип кеткенин, мээси чайкалганын билдирген.

Маалымат боюнча, Казакстандагы Январь окуяларына байланыштуу жалпысынан он кыргызстандык кармалып, алардын баары чыкканы айтылган. Эки кыргызстандык каза болгону расмий такталган.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Ал башаламандык талап-тоноо менен коштолду.

Тополоңдо каза болгондордун саны расмий эсеби 227ге жетти. 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланды. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG