Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:31

"Уулумду бошоткула". Казак абагындагы кыргыз жарандары


 Январь окуялары: казак абагындагы кыргыз жарандары
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:38 0:00

Январь окуялары: казак абагындагы кыргыз жарандары

Ушул күндөрү Казакстандагы "Январь окуяларына" байланыштуу эки кыргыз жараны камакта жатат.

Камактагылардын биринин апасы Нур-Султанга чейин барып уулун бошотууну талап кылууда. Тышкы иштер министрлиги кыргыз жарандарынын иши тергөөдө экенин, тергөөнүн жыйынтыгын күтүп жатканын билдирди.

Казакстанда камакта жаткан кыргыз жараны Талгат Темиркан уулунун апасы Күлсабира Жуманазарова 11-апрелде Нур-Султандагы Башкы прокуратуранын имаратынын алдына уулун бошотууну талап кылып турду.

Анын айтымында, 24 жаштагы уулу Талгат Темиркан уулу 5-январда достору менен Тараз шаарына барганда ийинине ок жеп, жараат алган. Ооруканада жатып, операция жасалгандан көп өтпөй, 14-январда атайын кызматтын өкүлдөрү алып кеткен. Убактылуу кармоочу жайда кармалып турганда уулу ар кандай кыйноолорго кабылган.

“14-январда атайын кызматтын өкүлдөрү баламды ооруканадан алып кетет дагы кыйнайт. Тырмагынын алдына ийне сайган, уруп-соккон, башы жарылган. Эч майнап чыкпаганда түнкү 23:40та бара бер деп кое берет. Ал чыкканда коменданттык саатты буздуң деп полиция кармап кеткен. Эртеси баламды облустук жол коопсуздук кызматынан таптым. Көрүп эсим чыкты. Кармап турган балдар "ыйлабаңыз, коменданттык саатты бузганы үчүн гана кармалды. Кечинде онлайн сот болуп суракка алат да, айып салынып же эскертүү алгандан кийин кое берилет" деген. Кечинде келсем, баламды чыгарган жок. Беш суткага камап салган. Бетинин көгаласы тарасын деген окшойт. 28-январда үйдү тинтип, беш ок табылды деп кайра кармап кетишти. Ал окту полиция өзү калтырган. Ошондон бери уулум камакта”.

Талгат Темиркан уулунун Казакстанда туруктуу иши болгон. Анын апасы Күлсабира Жуманазарова казак жараны, Таразда жашайт.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык Казакстандын Өскемен шаарында бул окуяларга байланыштуу дагы бир кыргыз жараны камакта жатат.

Кыргызстандын Алматы шаарындагы башкы консулу Назарали Арипов Темиркан уулунун кармалышы тууралуу маалыматы бар экенин, консулдуктун кызматкерлери юридикалык жана башка зарыл жардамды көрсөтүп жатканын айтты.

Назарали Арипов.
Назарали Арипов.

“Апасы менен байланыштабыз. Бул иш боюнча нота жөнөткөнбүз. Балага жардам берип жатабыз. Апа деген апа да, кайрылып жатат. Бул баланы башында кармап, кайра кое берген. Учурда тергөө жүрүп жатат, тергөөгө аралаша албайбыз да. Мындан башка дагы Өскемен шаарында бир кыргыз жараны камакта”.

"Январь окуясы" боюнча айыпталып жаткан Казакстандын бир канча жаранынын жакындары тергөөнүн адилет жүрүшүн талап кылып келишет.

Казакстандын ички иштер министринин биринчи орун басары Марат Кожоев журналисттердин бул тууралуу суроолоруна жооп берип жатып мындай деген.

“Биринчиден, алардын арызданууга укугу бар, аны эч ким чектебейт. Экинчиден, бул коргонуунун бир жолу чыгаар. Айтор туугандары жактоого, коргоого, жоопкерчиликтен алып калууга аракет кылууда. Ал кишилердин иши текшерилет”.

Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу жалпысынан он кыргызстандык кармалып, алардын баары бошотулганы айтылган.

Алардын ичинен Казакстандын күч түзүмдөрү тарабынан кыйноого кабылгандары дагы болгон. Эмерек орнотуучу болуп Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн Чолпонбек Сыдыков Алматыдан Бишкекке кайтып келе жатканда 8-январда кармалып, эки буту жана кабыргалары сынган, мээси чайкалган абалда январдын соңунда Бишкекке жеткирилип, дароо ооруканага жаткырылган.

Белгилүү музыкант, пианист Викрам Рузахунов да ошол күндөрү кармалып, коомчулуктун кийлигишүүсүнөн эки күн өткөндөн кийин Бишкекке жеткирилген. Кийин ал да ооруканада операция болгон.

Рузахунов казак күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып чыккан жана кабыргалары сынып, бир кабыргасы өпкөсүнө кирип кеткенин, мээси чайкалганын билдирген.

Акыйкатчы институту эки ай мурда Чолпонбек Сыдыков жана Викрам Рузахунов боюнча Казакстанда Жазык кодексинин 146-беренесинин (“Кыйноо”) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатканын билдирген.

Эки жаранды коңшу өлкөдө кыйноо боюнча Кыргызстандын милициясы дагы “Кыйноо” беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

Музыкант Викрам Рузахуновдун адвокаты Нурбек Токтакунов Казакстанда козголгон кылмыш иши убактылуу токтотулганын айтты.

“Кыргызстанда козголгон кылмыш иши боюнча экспертиза далилдерди дайындап жатат. Ал материалдарды өкмөт Казакстанга бериш керек. Бирок Казакстан ишти убактылуу токтотуп койду. Бизди ал жакка чакырып жаткан. Биз коопсуздук кепилдигин сураганбыз. "Келе бергиле, эчтеке болбойт" дешти, бирок ал кепилдик эмес да. Биздикилер эмнегедир жардам берген жок. Кыргызстандан бир тергөөчү бергиле, барып келели деген элек. Башкы прокуратура биздин арызыбызды шаардык прокуратурага берип салды. Бул маселеден качууга жатат. Эл аралык иштерди Башкы прокуратура өзү жүргүзүшү керек. Тышкы иштер министрлиги "видео менен катыша бергиле" дейт. Биз дипломатиялык иммунитет бергиле дегенбиз”.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон.

Тополоңдо каза болгондордун саны 227ге жетти. Каза тапкандардын экөө - Бактыяр Базарбаев менен Азис Мусаев кыргызстандык. Алар Алматыда иштеп жүргөн.

Казакстандагы "Январь окуялары" боюнча 10 миңдей адам кармалып, 700дөй кылмыш иши козголгону кабарланган.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG