Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 00:13

"Кан төгүүнү иликтөө үчүн Кыргызстандагыдай комиссия түзүлсө болмок"


Казакстанда тынч жол менен митингге чыккандар.

Казакстанда соңку кандуу окуяларда канча карапайым киши каза болгону тууралуу расмий маалымат айтыла элек. Укук коргоочулар жоготуулардын, жабыркагандардын санын аныктоо үчүн калктан далил-маалыматтарды чогултуп жатышат. Алардын бири Галым Агелеуовду сөзгө тарттык.

- Укук коргоочуларда чындыгында канча киши каза тапканы тууралуу маалыматтар барбы? Ал сандар расмий статистикадан канчалык айырмаланат?

Галым Агелеуов
Галым Агелеуов

- Азырынча бизде эч кандай так сан жок. Биз учурда видео материалдарды чогултуу менен алек болуудабыз. Окуялар кызып турган маалда Алматыдагы “Республика” аянтында болгонбуз деп айткан адамдардан өз көзү менен көргөндөрдү баяндаган маалыматтарды топтоп жатабыз.

Жарадар болгондор тууралуу да азыр бир нерсе айтуу кыйын. Себеби жаракат алгандан кийин көбү үйлөрүнө кетип жатты. Ооруканага кайрылбоону эп көрүшкөн. Андай учурлар болгон. Алматыдагы бир нече ооруканаларга жеткирилгендерге ал жактан жардам көргөзүлгөнү жөнүндө маалыматыбыз бар. Бирок көбү үйлөрүнө жөнөп өздөрү дарыланууга аракет көргөн. Биз Алматыда 5-6-январда болгон тополоңго басым жасадык.

- Демек, Алматы тууралуу гана маалымат чогултуп жатасыңар?

- Ооба. Региондордо башка маселе бар. Ал жактарда жарандык активисттер дайынсыз жоголгон учурлар катталууда. Кээ бирлери эки-үч суткалап дайынсыз болсо, айрымдары кайда экени азыркыга чейин беймаалым. Алар жөн гана тынч митингдерге барган, ар кандай тоз-тополоңго катышкан эмес. Биздин колубузда бир нече активисттин, эркин журналисттин ошол митингдерге баргандыгы үчүн административдик жоопкерчиликке тартылганы тууралуу маалыматтар бар. Мисалы, Орусиянын “Дождь” каналына жана башка маалымат каражаттарына маек берип жүргөн Лукпан Ахмедьяров Орал шаарындагы аянттагы митинг учурунда ошол жерде жүргөндүгү үчүн эле 10 суткага камалды. Мындай учурлар өзгөчө Алматы шаарында көп катталууда. Аларды кармап кетип, эмнегедир "бандиттер" деп аташкан. Сурактар кандай жүрүп жатканын баамдасак, аларга чоң кысым-басым көргөзүлүүдө. Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун мисалынан деле көрбөдүкпү. Тыюу салынган кыйноо же кысымга туш болсоң, албетте баарын эле моюнуңа ала бересиң. Натыйжада тергөөчү эмне десе, ошону кайталашат.

- Бийлик окуяларга айланыштуу 10 миңдей киши кармалганын билдирди. Алардын иштери ачык, калыс каралат деген кепилдик барбы?

- Ачык-айкын каралбасы азыр эле байкалууда. Президент Касым-Жомарт Токаев сөз кылган өкмөттүк комиссиянын кандай иштеп, эмне кылып жатканынан кабарыбыз жок. Комиссияга коомдун өкүлдөрүн, бейөкмөт уюмдарды, укук коргоочуларды, журналисттерди тартыш керек болчу. Кыргызстанда Ош окуяларын иликтеген комиссия түзүлгөндө ушундай болбоду беле.

Казакстанда болсо (мындан 10 жыл мурдагы) Жаңы-Өзөн окуялары же азыркы Алматыдагы кан төгүү болобу, мамлекет өзү үчүн күч түзүмдөрүн камтыган комиссияны түзүп алып жатат. Албетте, мындайда кандайдыр бир калыстык тууралуу сөз кылуу мүмкүн эмес. Эмне дегенде күч түзүмдөрү отчетторунда өздөрүн жакшы жактан көргөзүп, кыйноолорду, тынч митингчилерге ок чыгарууну көз жаздымда калтырышат же болбосо аларды "бандиттер" деп атап коюшат. Же болбосо маркумдар полиция, аскерлердин формасын кийип алган "бандиттердин колунан каза тапкан" деп айтышат. Биз мындай ойго жем таштаган сөздөрдү бекер жеринен угуп келаткан жокпуз. Мен жогоруда айткандай, комиссияга коомчулуктун өкүлдөрү кирсе, алар маалымат менен бөлүшүп турмак. Себеби калың эл ал күндөрү чындыгында эмне болгонун билгиси келет.

Чымкент шаары. 4-январь, 2022-жыл
Чымкент шаары. 4-январь, 2022-жыл

- Маалымат деп калдыңыз, бир нече күнгө бүтүндөй Казакстан маалыматсыз калбадыбы. Интернетти өчүрүүнү адам укуктарын бузуу катары сыпаттаса болобу?

- Албетте, бул адам укуктарын бузуу. Себеби дүйнөлүк желени өчүрбөсөк, ар кандай айың-кептер тарап кетет деген болбогон кеп. Бул - адам укугун чектөө. Элди караңгыда калтырып коюп, ал маалда кылмыштарды жашырышы ыктымал. Маалымат жок болсо, бийлик каалаганын кылышы мүмкүн дегенди түшүндүрөт.

Президент Токаев тескерисинче, маалыматтарды жаап-жашырбай берип туруу, интернетти чектебөө буйругун бериши керек эле. Өзү ал жакта эмне деп жазылганына байкоо салып, комментарийлеп, керек болсо өз көз карашы менен бөлүшүп, пикирин, позициясын жактап турса болмок. Ошондо кылмыштарга азыраак жол берилет эле. Иш жүзүндө көп нерсе жашыруун бойдон калды. Биз эми керектүү маалымат чогулта албай калабыз. Натыйжада кандуу окуялардан тыянак чыгаруу, сабак алуу кыйын болот.

Комиссия болсо коомдун кызыкчылыгында эмес, бийликтеги элита үчүн ыңгайлуу өңүттө жыйынтык чыгарып коет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG