Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:12

Карим Масимов "бийликти басып алуу” беренеси менен айыпталууда


Алматы шаары. 5-январь ,2022-жыл
Алматы шаары. 5-январь ,2022-жыл

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) аскерлери 13-январда Казакстандан чыгарыла баштады. Эл аралык укук коргоочу уюмдар казак бийлигин соңку окуяларда канча жайкын киши каза тапканын жашырбоого үндөп жатышат. Ал тапта Коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимовго “бийликти басып алуу” беренеси менен кылмыш иш козголгону белгилүү болду.

“Тынчтык орнотуучу бирдиктүү күчтөрдүн Казакстандагы бөлүктөрү коюлган максаттарды аткарып бүтүп, техниканы жана жабдууларын Орусиянын Аба-космос аскерлеринин учактарына жүктөй баштады”, - деп билдирди орус Коргоо министрлиги бейшембиде.

Орусиялык аскерлердин Казакстандан кетип жаткан учуру. Алматы шаарынын аэропорту. 13-январь, 2022-жыл
Орусиялык аскерлердин Казакстандан кетип жаткан учуру. Алматы шаарынын аэропорту. 13-январь, 2022-жыл

Буга чейин президент Касым-Жомарт Токаев контингентти чыгаруу көп болсо 10 күнгө созуларын айткан.

ЖККУ миссиясынын алкагында Алматыдагы стратегиялык объектилерди кайтарган кыргызстандык 150 жоокер жума күнү кайтып келерин Кыргызстандын коргоо министрлиги маалымдады.

Тынч митингдер тоз-тополоң, кан төгүү менен коштологондо Токаев 5-январда “тартип орнотуу үчүн” деген жүйө менен аскердик блоктун контингентин жөнөтүүнү өтүнгөн.

Суюлтулган газдын кымбатташына каршы өлкө түндүгүндө тутанган тынч акциялар башка аймактарга жайылып, кийин зомбулук менен коштолгон.

Бирок казак бийлиги башаламаныктарда күч түзүмдөрүнүн бери дегенде 18 кызматкери курман болгонун билдирүү менен чектелип, канча жөн-жай киши каза тапканын азыркыга чейин айта элек.

Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму 12-январдын кечинде жарыялаган билдирүүсүндө расмий Нур-Султанды нааразылык акциялар менен тополоңдордо канча кишинин өмүрү кыйылганын жашырбоого, адам укуктарын бузууларды, анын ичинде күч органдары курал колдонгон учурларды адилет жана калыс иликтеп чыгууга чакырды. Уюм ошондой эле соңку бир жарым аптада кармалган кишилердин укуктарын сактоо керектигин эскертти.

“Бийликтин башаламандыктарда набыт болгон адамдардын саны жана өлүмдөргө алып келген жагдайлар жөнүндө үн катпай жатышын айыптайбыз. Карапайым эл арасындагы жоготууларга тиешелүү маалымат кечиктирилбестен ачыкка чыгарылышы керек”, - деп айтты Amnesty International уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча директору Мари Стразерс.

9-январда 164 киши каза тапканы кабарланып, бирок кийин Казкстандын Саламаттык сактоо министрлиги техникалык ката кеткенин айтып, баштапкы сандарды төгүнгө чыгарган.

Укук коргоочулар, активисттер мерт кеткен же дайынсыз жоголгон тургундар туралуу өз алдынча маалымат чогултууга киришти.

Ошондой эле активисттер, журналисттер кармалып кеткен учурлар тууралуу кабарланууда. 12-январдагы расмий маалыматка ылайык, соңку окуяларга байланыштуу 10 миңге жакын киши кармалды.

Алматы. 10-январь, 2022-жыл
Алматы. 10-январь, 2022-жыл

Шаршембиде казак лидери кандуу окуялардын чордонуна айланган Алматыга барганда курман болгон полиция кызматкерлеринин жана аскерлердин жакындарына көңүл айтты. Жергиликтүү расмий пресса маалымдагандай, Токаев сыйлыктарды тапшырып, мамлекет маркумдардын үй-бүлөлөрүнө жардам берерине убада кылды. Президент өлкөнүн ири шаарына болгон “террордук чабуулдун” масштабын өз көзү менен көрүп, баа берүү үчүн барганын айтты. Бул тууралуу Токаевдин маалыматы кызматы билдирди.

13-январда Павлодар, Батыш-Казакстан жана Түндүк-Казакстан облустарында өзгөчө абал режими алынды. Президент өткөн аптада адегенде Маңгыстау жана Алматы дубандарында, андан кийин бүтүндөй өлкө аймагында 19-январга чейин өзгөчө абал жарыялаган.

Карим Масимов.
Карим Масимов.

Ал арада Коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Карим Масимовго “бийликти басып алуу” беренеси менен кылмыш иш козголгону белгилүү болду. Масимовго "мамлекетке чыккынчылык кылган" деген айып тагылып, 6-январда камакка алынган.

Президент Токаев толкундоолордун артында “чет өлкөлүк террорчулар турат" деп билдирген. Элдик толкундоолорду "мамлекеттик төңкөрүш аракети” деп атаган.

“Казакстандын демократиялык партиясы” кыймылынын лидери Жанболат Мамай мындай аныктамага макул эместигин айтат:

"Эч кандай мамлекеттик төңкөрүш болгон эмес. Башынан эле саясий реформаларды талап кылган тынч митинг болгон. Назарбаевдин саясий сахнадан кетиши талап кылынган. 4-январда 30 миң кишинин арасынан мен бир да терорчуну, бүлдүргүчтөрдү көргөн эмесмин. Назарбаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн чагымчылдары тынч демонстрацияларды башка нукка буруп кетишти деп ойлойм".

Бир катар эксперттер соңку окуялар Токаев менен мурдагы президент Нурсултан Назарбевдин айланасындагы адамдардын бийлик талашынан келип чыккан деген версияга ыкташат.

13-январда тунгуч президент же Элбашынын кичүү кызы Алия Назарбаева социалдык тармактарда жарыялаган постунда биринчи жолу кан төгүү менен коштолгон митинг, акцияларга комментарий берди. Ал курман болгондордун жакындарына көңүл айтып, бул окуялардан сабак алуу керектигин жазды. “Атасына аймактардын жашоочуларынан маалыматтар түшүп жатканын” кошумчалап, Элбашыга “көргөзүлгөн колдоо үчүн ыраазычылыгын” билдирди.

Назарбаев өзү өлкөдөгү абалга байланыштуу билдирүү жасап же элге кайрыла элек. Экс-президент акыркы жолу коомчулук алдына былтыр 28-декабрда чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG