Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 00:07

Казакстандагы нааразылыктар коңшу автократияларга коңгуроо


Алматы, Казакстан. 5-январь, 2022-жыл.

Постсоветтик мамлекеттердин көпчүлүк жетекчилери Казакстандагы нааразылык жана зомбулуктарды чочулоо менен байкап турушат. Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) аскердик көмөк сурап кайрылуу менен президент Касым-Жомарт Токаев өзүнүн бийлик үчүн күрөшүнүн жаңы барагын ачты.

"Эркин Европа/Азаттык радиосунун" баяндамачысы Рид Стэндиш Казакстандагы соңку жагдайды талдоого алды.

Путин Токаевди кызматта сактап калууга кызыкдар”

Мурда болуп көрбөгөн нааразылык толкунун жана куралдуу кагылыштарды басуу үчүн жардамга келген орусиялык аскерлерди ташыган биринчи учактар Казакстандын мурдагы борбору Алматыга 6-январдын таңында конду.

Бул Орусиянын демилгеси менен түзүлгөн, Казакстан өзү да мүчө болгон аскердик альянс —ЖККУнун линиясы аркылуу келген “бейпилдик орнотуучу” күчтөрдүн бир бөлүгү. Президент Касым-Жомарт Токаев аскердик жардам сураганын 5-январда телеканал аркылуу кайрылуусунда жарыялаган. Ал нааразылыкка чыккандарды "чет элде даярдыктан өткөн" жана “мамлекеттин бүтүндүгүнө шек кетирген эл аралык террорчулардын бандасы” деп атады.

ЖККУнун линиясы аркылуу орус, беларус, армян, тажик жана кыргыз аскерлеринин келиши улам түркүн-түс алып жаткан кризисте жаңы бапты (глава) ачты. Бул окуянын өзү Казакстандын авторитардык бийлигин жана Өзбекстандан баштап, Орусия менен Беларуска чейинки коңшу автократияларды бир силкип алды. Алар иш жүзүндө Борбор Азиянын эң бакубат өлкөсү заматта жардын кырына келип калганын көрүп, чочулап турушту.

"Орусия өзүнүн өнөктөштөрүн колдоого даяр экенин көрө алдык. Баары ийгиликтүү аяктаса, бул чөлкөмдөгү коопсуздуктун кепилдиги катары Орусиянын ролун дагы да арттырат”,-деди Москвадагы Карнеги борборунун өкүлү Александр Габуев “Азаттыктын” орус кызматына курган маегинде.

Суюлтулган газдын кескин өсүп кетишине байланыштуу тынчтык митингдери алгач 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына тез эле жайылып кетти. Нааразылыктын бутасы президент Токаев менен өлкөнү 30 жыл башкарган биринчи президент, 2019-жылы кызматын тапшыргандан кийин да таасирин сактап калган Нурсултан Назарбаевге багытталды.

Баалардын өсүшүнө карата нааразылык, экономикадагы оош-кыйыш жагдайлар, күнүмдүк коррупция жана автократиялык режим так ушул массалык башаламандыктарга алып келди. Натыйжада миңдеген адамдар өкмөттүк мекемелерди, телестудияларды, аэропортторду жана дүкөндөрдү басып алды.

Казак бийлигинин ЖККУга кайрылышы жана өзүнүн армиясын “антитеррордук” операция менен нааразылыктарды басуу үчүн пайдаланышы - постсоветтик мейкиндиктеги көптөгөн мамлекеттер үчүн белги болуп калды. Бул өлкөгө окшош режимдер үчүн аталган окуялар сыноо катары кабылданууда.

Бул биринчи кезекте Орусияга тиешелүү: Украинадагы Кремлге ыктаган өкмөттөргө карата 2014-жылдагы, Беларустагы 2020-жылы болгон нааразылыктарды карап туруп президент Путин казак бийлигине токтоосуз түрдө жардам берүүгө макул болду.

"Москва Токаевди кетирүүгө жол бербейт деп ойлойм. Тескерисинче, ал жакта режимди кандай гана жол менен болсо да сактап калууга даяр экендиктерин көрсөтүп жатышат”,-деп эсептейт Габуев.

Коңшу өлкөлөрдөгү реакция

Казакстанга ЖККУнун аскерлерин жөнөтүү чечимин алгач азыр уюмга төрагалык кылып жаткан Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жарыялады. Ал аскерлер бул өлкөдө кырдаал турукташканга чейин, “чектелген гана мөөнөттө” болорун жана алар стратегиялык объектилерди кайтаруу менен гана алектенерин билдирди. ЖККУнун катчылыгы болсо, Москва десанттык күчтөрдү жөнөтө турганын кошумчалады.

ЖККУ негизделген 1999-жылдан бери альянс биринчи жолу өз мүчөлөрүн колдоо үчүн аскерлерди пайдаланды. Орусия, Беларус, Армения, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирген ЖККУ, мурда куралдуу жаңжалдарга катышуудан баш тартып келчү. Маселен, ошол эле Кыргызстандагы 2010-жылкы этникалык кагылышка, же 2021-жылкы армян-азербайжан чатагына кийлигишкен эмес.

Казакстандагы азыркы кризис сырткы күчтөрдүн аралашуусу менен болгонуна эч кандай далил жок. Бирок ага карабай казак бийликтери так ошол террордук коркунуч жөнүндө айтканы ЖККУнун кийлигишүүсүнө негиз берди.

"Бул Орусиянын тышкы саясатында Казакстан өзгөчө роль ойной турганын күбөлөндүрүп турат”,-дейт Александр Габуев.

ЖККУнун бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында келген беларус тынчтык орнотуу күчтөрү, Казакстан.
ЖККУнун бейпилдик орнотуу миссиясынын алкагында келген беларус тынчтык орнотуу күчтөрү, Казакстан.

Баса, ЖККУнун аскерлерин киргизүү маселеси Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков “Казакстандын ички иштерине башка мамлекеттер кийлигишпеши керек” деп айткандан бир нече сааттан кийин жарыяланганы эсибизде.

Токаев ошол эле учурда беларус лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөнүн билебиз. Ал өзү 2020-жылы элдик демократиялык кыймылды өкүмзордук менен баскан. Ошондон бери анын бийлиги Орусиянын экономикалык жана саясий колдоосуна катуу көз каранды болуп келатат.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги казак бийликтерин колдоо тууралуу билдирүү таратып, казакстандыктар “жаралган көйгөйдү өз алдынча жеңип чыгарына” ишеним артты.

Кытай дагы Казакстандагы кырдаалга камтамачылыгын билдирип чыкты. Себеби, “Бир кур – бир жол” долбоору үчүн бул өлкө чоң мааниге ээ жана акыркы он жылдыкта эле ага миллиарддаган инвестициялар салынган. Кытайдын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэнбин 6-январда “Казакстандагы окуялар алардын ички иши экенин жана Бээжин кырдаалдын эртерээк турукташуусуна үмүт артарын” айткан эле.

Кытайдын мамлекеттик Global Times басылмасынын мурдагы редактору Ху Сидзин “Твиттердеги” постунда Казакстандагы башаламандыктар “түстүү революцияларга” окшош экенин жазып, аны Грузиядагы 2003-жылкы жана Украинадагы 2005-жылкы каршылыктар менен салыштырды. Ал жылдары аталган өлкөлөрдүн кремлчил лидерлери бийликтерин жоготкону маалым.

Сидзин ошондой эле “кырдаалдын турукташуусун Орусия менен Кытай чогуу камсыз кылат жана “тышкы кийлигишүүгө” жетиштүү сокку урушат” деп эсептей турганын жазды. Мында Токаевдин “Батыштын (АКШнын) Казакстанды баш-аягы жок башаламандыктарга кириптер кылуусуна Орусия менен Кытай уруксат бербейт”,-деп айтканы аргасыз эске түшөт.

Жаңы эра

Казакстандагы кымгуут кырдаалдын кескин өзгөрүшү жалпы чөлкөмдүн мындан аркы өнүгүшүнө таасир этпей койбойт.

Токаев башында демонстранттардын айтканына көнүп, күйүүчү отундун баасына мамлекеттик көзөмөлдү калыбына келтирди жана каршылыктардын башкы максатына айланган Нурсултан Назарбаевди Коопсуздук кеңешинин төрагалыгынан “бошотту”. Президент мындан сырткары өкмөттү кызматтан кетирди жана жогорку кызматтарга жаңы адамдарды дайындады.

Бирок казак бийлигинин акыркы он жылдыктагы саясий жана экономикалык багытына ичи чыкпаган элдик нааразылыктарга бул кадамдар анча таасир эткен жок.

Назарбаев, анын достору, туугандары жана башкаруучу “Нур Отан” партиясы 30 жылдык авторитардык режим учурунда саясий жана медиа айдыңды толук көзөмөлдөөгө жетишкен. Ошол туштарда бийлик элдик нааразылыктарга жооп кылып, болоор-болбос реформаларды жана өкмөттө орун алмашууларды жасамыш этип калчу.

2019-жылы Назарбаев президенттик кызматтан кеткен, бирок ошол эле убакта “улут лидери” катары формалдуу жана формалдуу эмес чоң бийликти сактап калды. Президенттик орунга өзүнүн мураскери катары Токаевди тандаган, ал болсо биринчи жумушу катары анын урматына Астана шаарын Нур-Султан деген аталышка өзгөрткөн.

“Казакстан режимди алмаштырбай туруп лидерди алмаштырса болорун көрсөттү”,-деп белгилей бул окуяларга байкоо салган Глазго евразиялык изилдөө университетинин профессору Лука Анчески.

Соңунда Казакстандын саясий сахнасында башы көрүнгөн оппозициялык лидерлердин баары тазаланганы анык болуп калды. Ал акыркы нааразылыктардын багытын жана мындан аркы реформалар үчүн биригүүлөрдү туңгуюкка кептеди.

“Каршылыктардын конкреттүү лидери жок, бир муштумга түйүлгөн оппозициясы жок, демек, режим кайрадан бутуна турат”,-деп эсептейт АКШнын Улуттук коргонуу университетинин окутуучусу Эрика Марат.

Ошондуктан эми коңшу мамлекеттер Казакстандагы процесске тынбай көз салып турушат. “ЖККУ өлкөдөгү ички маселелердин эч бирин чече албайт, анын экономикалык же, саясий абалын оңдобойт. Алар авторитаризмди күчөтүшөт, ал келечекте каршылык кыймылдардын кайрадан козголушуна алып келет”,-дейт Эрика Марат.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG