Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:56

Өзбекстан Казакстандагы окуяларды жазууга тыюу салды


Казакстан, Алматы шаары. 6-январда тартылган сүрөт.
Казакстан, Алматы шаары. 6-январда тартылган сүрөт.

Казакстандагы соңку окуяларды чагылдырууга аракет кылган өзбекстандык блогерлер, журналисттер жана социалдык тармактардын катардагы колдонуучулары ички иштер органдарына чакырылды. Алардан “бул темада аз жазууну”, “видеолорду таратпоону” жана “митингдерге чакырбоону” талап кылышкан.

"Күч кызматы тарабынан атайын буйрук болгон"

"Азаттык" радиосунун өзбек кызматы менен байланышкан блогерлердин бири Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматы ага коңшу өлкөдөгү окуяларды чагылдырууга тыюу салганын билдирди.

"Бизде кырдаалды дагы курчутуп жибербөө үчүн Казакстандан келген видео жана аудиолорду жайгаштырууга тыюу салышууда. Бул бейрасмий буйрук! Мен өз каналыма Казакстандагы талоончулук боюнча эки-үч видеоролик жайгаштыргам. Кийин мага Маалымат жана массалык коммуникация агенттигинен чалышып, бул видеолорду өчүрүүнү жана мындан ары жайгаштырбоону айтышты".

"Озодлик" радиосу менен байланышкан анжияндык блогердин айтымында, Мамлекеттик коопсуздук кызматынын кызматкерлери жана участкалык инспектор Казакстандагы окуялар тууралуу билдирүүлөр үчүн андан жазуу түрүндө түшүндүрмө талап кылышкан.

Социалдык тармактардын өзбек сегментинде белгилүү болгон бир катар активисттер акыркы учурда анонимдүү профилдерден "коркутуулар" түшүп жатканын, Казакстандагы окуяларга байланыштуу билдирүүлөргө жана комментарийлерге "чабуул жасалып" жатканын айтышууда.

"Өзбектер качан ойгонот?!" деп жаза албайм

Негизинен өзбек блогерлер коңшу Казакстанда болуп жаткан окуялар социалдык тармактардагы жабык группаларда кызуу талкууланып жатканын айтышууда.

Соцтармактардын активдүү колдонуучусу “Өзбектер качан ойгонот?!” деп аталган посту үчүн Ташкент шаардык ички иштер органдарына чакырылганын айтты:

"Укук коргоо органдары мага “Мындай коркунучтуу нерсе жазбаңыз, казактар жөнүндө жазбаңыз, акырын жүрүңүз” деп айтышты. Андан соң тилкат жаздырып алышты. Мен Казакстандагы окуяларды чагылдырбоого милдеттенме алып, жоопкерчилик тууралуу эскертүү алганымды жазып бердим. Бир сөз менен айтканда, мага түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү".

Өзбекстандагы борбордук басылмалар, радио жана телеканалдар да учурда Казакстандагы башаламандыктар тууралуу чектелүү гана маалыматтарды берип жатышат.

Өзбекстандыктардын арасында бул теманы социалдык тармактарда активдүү чагылдыргандар да жок эмес. Жергиликтүү журналисттердин бири “Озодликке” билдиргендей, “Казакстандагы тополоң” тууралуу жазууга өзбек бийлигине жакын блогерлерге гана уруксат берилген.

"Өзбекстанда "Казакстандагы окуяларды чагылдырууга таптакыр тыюу салынды" деп айта албайм. Кыска гана маалыматтар чыгып жатат. Башкача айтканда, кандайдыр бир чек коюлгандай. Мисалы, бул окуяларды чагылдыргандар Казакстан менен биздеги абалды салыштыра албайт, биздикилер алардыкынан алда канча начар деп айтып, Токаевдин бийлигин сындай алышпайт. Андан сырткары, Алматыда тартылган видеолорду көрсөтүүгө тыюу салынды. Муну менен элди көтөрүлүшкө чакырган болобуз дешти. Мени да “сүйлөшүүгө” чакырышты. Бул окуяларды көптөр чагылдырып жатканын, эмне үчүн мага гана уруксат берилбей жатканын сурасам, алар "эл арасында мындай окуялардын биздин өлкөдө да болушун каалагандар көбөйдү" деп жооп беришти", - дейт атын атагысы келбеген жергиликтүү журналист.

"Элге Казакстан тууралуу маалымат жетпей жатат"

Өзүн Абдукарим деп тааныштырган жаран, Өзбекстандын көптөгөн мечиттеринде имамдар Казакстандагы окуялар боюнча насаат айтып жатканын билдирди.

"Мечиттерде Казакстанда болуп жаткан окуялар боюнча кутбалар окулуп, негизинен имамдар элди сабырдуулукка чакырып, боордош казак элине тилектештигин билдиришүүдө. Акыркы эки-үч күндөн бери элдин көңүлү башка темаларга бурулуп, баалар, тактап айтканда, бензин, газ арзандатай турганын убада кылышууда. Бирок азыр элибиз мурункудай аңкоо эмес. Эл интернеттен маалыматты окуп, ак менен караны айырмалай алат. Элдин ар кандай пикирин угуп, мен көптөгөн өзбектер көчөгө чыгып, өз укуктарын талап кылган карапайым казакстандыктардын тарабында экенин туюп, алар Токаевдин айрым “террорчулар” жөнүндө айткан жомокторуна ишенишпейт деген жыйынтыкка келдим”.

Ал эми "Озодлик" радиосунун журналисттери блогерлер менен журналисттердин ички иштер органдарына суракка чакырылганы боюнча маалымат алуу үчүн Өзбекстандын Ички иштер министрлиги менен байланыша алган эмес.

5-январда Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы окуялар боюнча билдирүү жасап, "Казакстандын акылман эли өлкөдөгү туруксуздукту, зордук-зомбулукту жана курмандыктарды алдын ала алат" деп билдирген.

Ал арада социалдык тармактардын өзбек сегментинин көптөгөн колдонуучулары Билим берүү министрлигинин мектеп окуучуларынын кышкы каникулун 24-январга чейин узартуу чечимин Казакстандагы кырдаал менен байланыштырууда.

Өзбекстандын Конституциясынын 29-беренесинде, ошондой эле “Маалымат эркиндигинин принциптери жана кепилдиктери жөнүндөгү” мыйзамда “Ар бир жаран каалаган маалыматты издөөгө, алууга жана таратууга укуктуу” деп жазылган.

Былтыр октябрда экинчи президенттик мөөнөткө шайланган Шавкат Мирзиёев журналисттер менен блогерлерге ар дайым колдоо көрсөтүүнү убада кылган.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюму акыркы президенттик шайлоодо Өзбекстанда журналисттер менен блогерлерге, интернетке көзөмөл күчөгөнүн белгилеген.

2021-жылы басма сөз эркиндиги боюнча Өзбекстандын рейтинги төмөндөп, 180 өлкөнүн ичинен 157-орунду ээлеген.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG