Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 18:13

Казакстан: "кан тактыдагы" оюндар, ким кимди кетиргиси келет?


Талды-Коргандагы Нурсултан Назарбаевдин кулатылган эстелиги.

Казакстанда нааразылык билдиргендерди аёосуз басуу аракети жүрүүдө, бийлик жаатында болсо президент Касым Жомарт-Токаев менен “Елбасынын” ортосунда көшөгө артында көмүскө күрөш жүрүп жаткандай.

Башында тынч чыккан нааразылыктардын жалыны жалпы өлкөнү каптап, мамлекетти солкулдатып турган калтыс чакта жогорку бийликти бирөөнүн колуна өткөрүү күрөшү, сырт көздөн далда тартыш-тирештин белгилери байкалат.

Соңку күндөрү көчөлөргө чыккан кылкылдаган көпчүлүктүн көөнүндөгү оор социалдык-экономикалык жагдайлар мындайда артка сүрүлүп калат. Ордодогу так талашта бийлик тагдыры аныкталмакчы - президент Касым-Жомарт Токаевдин акимчилиги менен мамлекеттин биринчиси “Елбасы” Нурсултан Назарбаевдин тарапташтарынын тиреши күчөөдө.

8-январда мамлекетке чыккынчылык кылды деген айып менен Улуттук коопсуздук комитетинин (УКК) Карим Масимовдун кармалганы кабарланды. Бул көрүнүш күч түзүмдөрү “антитеррордук” операцияны улантып жатканда Казакстан саясатын аныктачу дөө-шаалар ортосунда бийлик үчүн жан аянбас кармаш уланып жатканын айгинелеп турат.

"Кутумчулук" кандай жүрүүдө

УКК башчылыгынан 5-январда бошотулган Карим Масимов казак саясий олимпиндеги ири таасирдүү күчтөрдүн бири, соңку кездери анын аты жергиликтүү маалымдоо каражаттарында сейрек жазыла баштаган.

Назарбаевдин жакын тарапташынын камакка алынышы - “чет жерден даярдалып келген террорчуларды” байкабай калган коопсуздук күчтөрү менен ички чалгындын ишинин жарабай калышынын айдан ачык белгиси (Токаев мына ушул адамдар, "четтен келгендер башаламандыктын чордонунда турушат"дейт). Назарбаевдин тарапташтарын өкмөттөн кетирип, саясий аянтчаны тазалоонун бир жүйөсү ушул.

Казакстанды 30 жыл жалгыз башкарган 81 жаштагы Назарбаев 2019-жылы кызматын ишенген адамына өткөрүп бергенден кийин да бийлик тактысынан кетпей отурду. Жалгыз өзү эмес, үй-бүлөсүнүн өлкөдөгү таасири дагы деле күчтүү. Президент аты болгону менен Токаев "экстин кол баласы", анын айткан-дегенин аткаруучу “тактекеси” экенин казак бийлигинин сынчылары менен аналитиктери ич ара айтып жүрүшчү, кызматтан кетти делгени менен Назарбаев мурдагыдай эле Казакстанды башкарып турду.

Саясий талаага массалык нааразылыктар чыкканы Назарбаевге "каран түн" түштү, 5-январда Коопсуздук кеңештин төрагалыгынан алынды, артынан Масимов камалды, Токаев “бийлик үйүн” чындап тазалоого киришкенин көрсөттү.

Соңку 20 жылда Масимов өлкөдөгү эң таасирдүү фигурага айланган. Назарбаевдин тушунда ал эки ирет өкмөттү башкарды. Ага чейин транспорт жана коммуникация министри, экономика жана бюджеттик пландоо министри, Назарбаевдин президенттик администрациясынын жетекчиси, 2016-жылдан тарта УККны жетектеп келаткан.

Анын мамлекеттик кызматка келгенге чейинки иштери да кызык, кытай тилинде эркин сүйлөгөн коопсуздук кызматкери 1990-жылдардын башында Бээжин менен Гонконгдо Казакстандын коммерциялык кызыкчылыктарын коргогон, мүмкүн ошол кезде Назарбаевдин оңор эмес акчаларын Гонконг банктарына которууда көзгө көрүнөрлүк иштерди жасаган болуу керек.

Масимовду камакка алып, ага оголе оор айыптарды коюу Назарбаев үчүн жакшы эмес, мунун залакасы анын байлыгы ашып-ташкан үй-бүлө мүчөлөрү менен жакындарына тийиши ыктымал, өлкөнү нааразылык каптагандан бери алардын бирөө да эл алдына чыгышпады.

Ал арада Назарбаевдин басма сөз катчысы Айдос Үкибай 8-январда “Твиттер” баракчасына "Елбасы (Назарбаевге берилген жогорку сый-ургал, анын керт башын көкөлөтүүнүн бир жолу) Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында эле экенин" жазды.

Бул жерде бир жагдайга көңүл буруу зарыл, 7-январда казак бийлиги 2019-жылы аты өзгөртүлгөн баш калааны Нур-Султан деп атабай калышканы тууралуу такталбаган маалымат пайда болгон.

Анын артынан толгон-токой миш-миштер чыкты, "Токаев Назарбаев менен анын тарапташтарын толук сүрүп таштаптыр" деген уу-дуу сөздөр айтыла баштаган. Астана шаарын Нур-Султан деп атоо сунушун Токаев биринчи көтөргөн, 2019-жылдын 19-мартында Назарбаев бийлигин тарапташына өткөрүп берүү аземинде Токаев устатынын кулагын сүйүнтөр сөздү айтып, баш калааны Назарбаевдин атына өткөрүү сунушун көтөрүп, аялдабай жарлыкка кол койгон.

Назарбаев кайда?

Бир бийликке байланган эки президент ортосунда эч кандай проблема жок экендигин көрсөтүш үчүн ошол эле Үкибай “елбасы Назарбаев биртоп кеп-кеңештерин берип” Токаев менен “түз байланышта” болуп турганын кошумчалаган. Ал маалымат каражаттарына “калп жана чагымчыл маалыматтарды” бербөөгө чакырып, эң негизги кабарды жарыя кылды, Назарбаев өз ыктыяры менен Коопсуздук кеңеш төрагалыгын Токаевге өткөрүп бергенин билдирди.

Үкибай "Твиттердеги" кийинки билдирүүсүндө "Назарбаев Казакстанга дос өлкөлөрдүн жетекчилери менен бир нече ирет телефон аркылуу сүйлөшкөнүн" маалымдады.

Назарбаев коңшулаш өлкө жетекчилери, айталы, Орусия же Кытай башчылары менен сүйлөшкөнү тууралуу расмий маалыматтар кабарланган жок. Бул өлкөлөрдүн жетекчилери Токаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жарыя кылышты. 5-январда Беларус режими Александр Лукашенко Казакстандын экс-президенти Назарбаев менен сүйлөшкөнүн маалымдады.

Үкибай "Твиттерде" ошондой эле "елбасы учурдагы кыйынчылыктардан чыгуу үчүн жана өлкөнүн бүтүндүгүн сактап калуу максатында бардык күчтөрдү Казакстан президентинин айланасына баш кошууга чакырганын" жазды.

Маалымат катчынын түшүндүрмөсү кызык. Анын ырасташынча, Назарбаев ушу азыр “Улут лидери – елбасы” катары Токаев менен байланышка чыгып, анын нааразылыкты басуу, башаламандыкка батып калган өлкөгө тартип орнотуу аракетин колдойт. Нааразылыктар кезинде, расмий маалыматка караганда, ондогон адамдар курман болуп, жүздөгөн адамдар жаракат алышты, 8000дөн ашуун адам кармалды, ал эми материалдык чыгымдар жүз миллиондогон долларды түздү.

Казакстан президентинин милдетин аткаруучу Касым-Жомарт Токаев (солдо) менен мурдагы президент Нурсултан Назарбаев Нур-Султандагы Астана экономикалык форумуна катышууда. Казакстан, 2019-жыл.
Казакстан президентинин милдетин аткаруучу Касым-Жомарт Токаев (солдо) менен мурдагы президент Нурсултан Назарбаев Нур-Султандагы Астана экономикалык форумуна катышууда. Казакстан, 2019-жыл.

Мамлекеттин интернетти өчүрүп салышынан жана мобилдик байланыштын үзгүлтүккө учурашынан улам Казакстанда бул сандарды текшерүү мүмкүн эмес. Байланышы өчүрүлгөн жерден келген үзүл-кесил маалыматтар өлкө кандай жоготууларга туш келгенин кабарлай албайт.

Кризис башталганы Назарбаевдин дайыны чыкпады, аны уккан-көргөн киши жок, "елбасынын" эмне болгону белгисиз, болбосо аны унчукпай отур деп коюшканбы? Кийинки жылдары Назарбаевдин Казакстанда уруш-жаңжал чыгып калса жоголуп кетмей өнөкөтү пайда болду.

Эми минтип ага чындап берилген кишинин - Масимовдун камакка алынышы Назарбаев үчүн акыйкатта да жакшы белги эмес. Бул жерде дагы бир белгилей кетчү жагдай, Масимовдун Казакстандагы таасирдүү кландар менен байланышы жок, ошон үчүн аны ээрден оодарып түшүү Токаевге эч кандай оорчулук деле келтирген жок.

Башталышы

Суюлтулган газдын баасынын көтөрүлүшүнө нааразы калктын Жаңы жылдан кийин өлкөнүн батышындагы Жаңы-Өзөн шаарындагы көтөрүлүшү экономикалык кыйынчылыктарга каршылардын көчө жыйындарына айланды, саясий жараяндарга катышуудан четте калган калк менен чогулган маселелерди чечпей койгон өкмөттүн ортосундагы чоң каршылыкты жаратты.

Жаңы-Өзөндөгү нааразылык башка аймактарга тарады
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:03 0:00

Токаев күйүүчү майдын баасын арзандатууну буйруду. Анын артынан өкмөттү кызматтан кетирди, муну ал элдин толкундоосун басуу максатында жасады. Бирок нааразылыктар мурда болуп көрбөгөндөй ылдамдыкта жайылып кетти.

Анткен менен 5-январдан тарта Казакстан президентинин сөзү өзгөрдү: нааразы болгондордун артында “террорчулар” турат дей баштады. Алар “чет өлкөдө даярдыктан өтүп келишкен” деп билдирди. Анан анысына өзү ишенип атайын операция өткөрүүгө буйрук берди, атайын аскердик иш-чаралар бүт өлкө боюнча жүргүзүлө баштады, жыйынтыгында Орусия баштаган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан (ЖККУ) жардам суроого алып келди.

Ага чейин Масимов жетектеген УУК, полиция менен коопсуздук күчтөрү оголе пассивдүү болушту. Нааразылык кыймылдары өлкөнү каптап, бардык жерге ыкчам жайылып кетти.

2019-жылы Токаев президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалгандан тарта Казакстанда нааразылыктар күчөдү. 1990-жылдардан кийин элдин андай каршылыгына кабылбаган мыйзам сактоо органдары менен коопсуздук күчтөрү каршылыгын ачык айтып чыккандардын демин басуунун аркыл жолдорун ойлоп таап, жүздөгөн адамдарды кармап барып отургузуп коюуга өтүшкөн. Камакка алуулар нааразылык жыйындары башталганга чейин өтчү, канча бейкүнөө адамдар алардын азабын тартышты.

Кийин нааразылыктарда элге таанылган лидерлер болбоду, андайлар айрым учурларда капыс чыгып калышты. Нааразылар көчөгө жайнап чыгып, чоң аянттарга чогулуп жатканда, кылкылдап көчө толо басканда бийликтегилер эмне кыларын билбей алдастап, аларды илгиртпей кармап алып жазалоого киришпей, башаламандыкка жол беришти. Масимов кызматтан кеткиче ушундай жагдай болду.

"20 миң террорчу"

5-январдын кечинде Алматыдагы миңдеген демонстранттар арасында куралдуу адамдар жүрүштү. Алар күч кызматтын адамдары менен атышып, өкмөттүк имараттарга чабуул коюп, өрттөштү, коммерциялык объектилер таланып-тонолду.

Зордук-зомбулуктун артында кимдер турганы эмдигиче белгисиз. Ал эми казак бийлиги мүмкүн кийинчерээк бул адамдар кайдан келгенин, алардын эмнени көздөшкөнүн айтышар, божомол-жоромолун ортого салар.

Токаев жалгыз Алматы шаарына эле "20 миң террорчу" кол салганын айтты, ал эми 7-январда “террордук коркунучтан” улам "кызыл деңгээл" жалпы өлкө боюнча жарыяланды.

Анан президент коопсуздук күчтөрүнө “эскертпестен атып таштоого уруксат бергенин” жарыя кылды.

Казакстанга мынчалык террористтин кирип келишин түшүнүү кыйын. Коопсуздук кызматы аларды кантип байкабай калды экен. Буга чейин оппозициялык топтордун катуураак чүчкүргөнүнө чейин билип, алардын баскан-турганын бекем көзөмөлгө алып, анысын натыйжалуу иштин жыйынтыгы катары кез-кез жарыя кылып турган коопсуздук күчтөрүнүн ушунчалык адамдын өлкөгө билинбей өтүп кетишин көрбөй-билбей калышы чынында эле кызык.

Токаев өзүнүн "Твиттер" аккаунтунда 7-январда террорчулардын Алматыга чабуулу "алты толкунга” айланганын, дагы кайталап террорчулар 20 000 адам экенин, "алардын айрымдары казакча сүйлөбөгөнүн", алар "полиция менен жаш аскерлерди уруп-токмоктоп, атып өлтүрүп... менчик жайлар менен дүкөндөрдү тоношконун, тынч адамдарды өлтүрүшкөнүн [жана] кыз-келиндерди зордукташканын" жазды.

Кийин бул билдирүү өчүрүлдү.

Ушу тапта жайылып кеткен теориялардын бири - мындай, куралчан, талап-тоногон адамдар уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү, Назарбаевдин тушунда алар ээн-жайкын жүрүшкөн, анан мүмкүн ошолор экс-президентти кызматтан четтетүү, анын жанындагы адамдарды бийликтен кетирүүгө аракет кылгандарга каршы туруш үчүн абактардан бошотулуп, көчөлөргө кое берилген.

Бул теорияны Назарбаевдин иниси Болат менен жакын тууганы Самат Абишке (Назарбаевдин каза болуп калган агасы Сатыбалдынын уулу) жабыштырышат. Самат Абиш УКК төрагасынын орунбасары эле.

Башында Абиш 5-январда эле кызматынан алынганы кабарланган, бирок 8-январда УКК пресс-кызматы андай маалыматты “калп” деп четке какты, Абиш мурдагыдай эле кызматында отурганын ырастады. Анын кызматына коюлушу дагы бир миш-мишке, Назарбаев дагы деле кызматын сактап отурат деген божомолго жол ачты.

Эмне үчүн азыр?

Миш-миштердин өрчүп кетишине режимдин ичиндеги талаш-тартыштар жем таштады окшойт. Көпчүлүктүн болжолунда, нааразылыктар бийликти тартып алыш үчүн пайдаланылмак.

1990-жылдары Назарбаевдин премьер-министри болгон Акежан Кажегелдин ушу тапта чет жерде жашайт. Анын пикиринде, күч структуралары тарабынан Токаевге каршы “кутум” уюштурулган. Токаевдин ЖККУ жардамын сурап кайрылышына ушул себеп болгон, өзүнүн күч кызматтарына ишеними кеткенден ал ушундай ишке барган.

Кажегелдин эмне үчүн жергиликтүү мыйзам сактоо органдары коменданттык саатты сактай алышпады, анан да таң кала турганы "Алматыдагы УКК [имаратынын] таланып-тонолушу, андагы куралдардын белгисиз адамдардын колуна тийишин" түшүнө албайт, ушул суроого жооп таба албай келет.

Башкалар Токаев менен Назарбаевдин 27-декабрда Петербургга баргандагы видеону талкуулашат. Назарбаевди тепкичтен колдоп-жөлөп түшүрүштү, карылык анын кубатын алып койгон экен. Ошондон улам айрымдар Назарбаевдин бул жарыкчылыктагы жашоосу соңуна жакындап, ал эми анын тарапташтары башаламандыктан чыккан мүмкүнчүлүктү пайдаланып, "Токаевди кызматтан алып түшүү аракетине азгырылды окшойт" деген ойго жетеленүүдө.

Башкалары болсо "бул Токаевдин адамдарынын колунан келген иш, Назарбаев кара жаны менен алек болуп калган учурунда кийинкисинин бийлигин күчтөнтүү үчүн ушундай ишке барышты" дейт.

Айрымдары болсо Орусиянын 30 жылдан бери эч жакка жылбай отурган ЖККУ тынчтык күчтөрүн Казакстанга кыска убакыттын ичинде жөнөтүүсү "Кремл Токаевди колдой тургандыгынын белгиси" деген пикирде.

Дагы бир теория боюнча бул ишти Токаев менен Назарбаев чогуу башташкан, айрым таасирдүү аткаминерлерден кутулуш үчүн жасалган аракет.

Казакстандык саясат таануучу Димаш Алжановдун айтуусунда, Назарбаев өзү же анын үй-бүлөсү, жакындары Казакстанды таштап чет жерге кетише турган болсо ал Токаевдин макулдугу жана уруксаты менен гана болчу иш.

Окуялардын жүрүшү жакынкы күндөрдө ушул айтылган божомол-жоромолдордун тууралыгын же каталыгын ырасташы ыктымал, а мүмкүн көшөгө артындагы көмүскө оюндардын айрымдары билинип калышы ажеп эмес.

Казакстандын коопсуздук күчтөрү Токаевдин “чет өлкөдө даярдыктан өткөн террорчуларынын” артынан кууп жүргөндө Нур-Султан бийлиги отурган кенен залдарда катуу күрөш күч алды, анын жыйынтыгы өлкөнүн алдыдагы айлары менен, а мүмкүн, жылдарын аныкташы ыктымал. Адилеттик үчүн муну да белгилей кетиш керек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG