Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Айзада: Атышуулар кыйкырык-сүрөөн менен коштолгондо корктум


Айзада Абасканова.
Айзада Абасканова.

Алматыда Интернет дагы эле бөгөттөлүп турат. Ал жактагы журтташтар менен баарлашуу дээрлик мүмкүн эмес. Айзада Абасканова Алматыдагы "Тele 2 Kazakhstan" компаниясында иштейт. 8-январда мекендешибиз менен байланышып, кырдаалды сурадык.

- Айзада, учурда Алматыда абал кандай, сүрөттөп бересиңби? Нан жана башка тамак-аш жетиштүүбү? Буга чейин нанга узун кезекке тургандардын видеолору тарады эле.

- Алматыда кырдаал буга чейинки күндөргө салыштырмалуу оңолуп калды. Азык-түлүк саткан дүкөндөрдүн айрымдары 8-январда ачылды. Нан бар, бирок баарына жетишсиз. Тургундардын дүрбөлөңгө түшкөнү байкалат. Болгон азык-түлүктү сатып алып жатышат. Эртеңки күн кандай болот деп кооптонушса керек. Дарыканалар жана май куйган жайлар бүгүн ачылды. Негизинен абал тынч.

- «Банкоматтар тонолду, телефондогу төлөм жүргүзүүчү тиркемелер же QR коддор иштебей калды» деп жатышты эле. Азыр кандай?

- Туура, банкоматтардын баары тонолгон. Мен бүгүн көчөдөн өз көзүм менен көрдүм. Банкоматтын ичиндеги акча сакталчу кутучулар талкаланыптыр. Анткени Интернет жок болгондуктан, биз өзүбүз деле эмне болуп жатканын билген эмеспиз. Интернет калаада азыр деле жок. Биз прокси-сервер аркылуу кирип, «Телеграмды» колдонуп жатабыз. Буга чейин ошондой эле «Каспи» жана Home Credit Bank иштебей калган. Азыр «Каспи» иштеп баштады. Дүкөндөрдөн карта менен соода кылса болот, бирок нак акчаны дээрлик эч жерден ала албайсың.

- Алматыда атышуу уланып жатабы? Сиз калаанын кайсы тарабында турасыз? Сиз жашаган аймакта кооптуу эмеспи?

Айзада Абасканова: Шаардын борборунда Абай - Байтурсунов көчөлөрүнүн кесилишинде жашайм. Бүгүн атышуунун үнү угулган жок. Бирок буга чейинки күндөрдө болуп жатты. Эртең менен жана түштөрдө атышуулардын үнү катуу эле угулуп турду. Жаңылыктардан Алматыны толугу менен «террорчулардан» тазалашты деп айтышты.

Башаламандыктар жаңы башталганда, мынчалык болот деп ойлогон эмесмин. Тез эле бүтсө керек дегем. Интернет өчүп, маалымат жок болгондо дүрбөлөңгө түшүп, коркуп отурдум. Терезеден тышты карагандан да корктум. Анткени атышуу же жардыруу болгон маалда терезеге да тиеби деп коркот экенсиң. Атышуулар катуу салюттун үнүндөй эле угулуп, адамдардын кыйкырык-сүрөөнү менен коштолгондо аябай корктум. Китеп окуп, өзүмдү башка маалыматтар менен алаксытканга аракет кылдым. Ошентип эки күн өттү.

- Алматыдагы кыргызстандыктар бири-бириңер менен байланыштасыңарбы? Азыр эмне болгону тууралуу ар кандай маалыматтар чыгып жатпайбы, казакстандыктар өздөрү бул тууралуу эмне деп жатышат? Сиз кошуна-колоңдор менен сүйлөшө алдыңызбы?

- Интернет бар кезде бир аз байланышканга үлгүрдүк. Анан Интернет өчүп калды. Мен жада калса жакындарыма, ата-энеме да жаза албай калдым. Жакындарым өзгөчө сарсанаа болушту. Жумушта жардам керек болсо деп атайын байланыш линиясы ачылды. Ал эми кошуна-колоңдор менен сүйлөшө алган жокмун. Мен кошунамдын эшигин каксам ачпай койду. Коркту окшойт. Алматылыктардын көбү чындыгында эмне болуп жатканын өздөрү деле жакшы билишпейт.

- Рахмат, Айзада. Этият болгула.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG