Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 09:31

ЖККУ күчтөрүнүн Казакстанга кириши: кесепети кандай болот?


Москванын жанындагы аэродром. Казакстанга бараткан аскердик учак. 6-январь, 2022-жыл.

Казакстанда өкмөткө каршы нааразылыктар күчөп, ага каршы турчу полициянын кээ бир жерлерде сүрмө топко кошулуп, өлкө оор абалга кептелген чакта президент Касым-Жомарт Токаев чет өлкөдөн даярдыктан өтүп келген "террорчул топтор" жүргөнүн билдирген. Ушуну шылтоо кылып Токаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) кайрылды. Уюм өз тарыхында биринчи ирет аскерлерин жиберүүгө макул болду.

ЖККУ аскерлерин Казакстанга киргизүүнүн кооптуу жагдайлары

Казакстандагы нааразылыктар мындан бир нече күн илгери өлкөнүн батышында кара май өндүрүлчү Жаңы-Өзөн шаарында чыккан, ага суюлтулган газдын кескин кымбатташы себеп болгон. 5-январда нааразы калк өлкөнүн ири шаарларында агылып чыгып Казакстандын авторитардуу бийлигине каршылыгын билдиришти.

Көчөгө агылып чыккан калктын талабы президент Касым-Жомарт Токаевди кадимкидей чочулатты. Бааларды арзандатуу боюнча чукул буйрук чыгарып, экономикалык оорчулуктарды жоюу боюнча атайын комиссия түздү, өкмөттү кызматтан кетирди.

Бирок калктын жаалы басылбай, нааразылык жыйындар күчөй берди, ага жараша Токаевдин риторикасы да өзгөрүлө баштады. Бийликке каршы "террорчул бандалар" уруш баштаганын, "алар чет өлкөдөн олуттуу даярдыктан өтүп келишкенин" айтып, "алардын Казакстанга кол салышы агрессия актысы катары каралышы керектигин" баса көрсөттү.

Токаев Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) кайрылды, мурдагы советтик алты республика (Орусия, Армения, Беларус, Кыргызстан, Тажикстан жана Казакстан) 1992-жылы Москванын демилгеси менен коопсуздук келишими уюмун түзүшкөн. ЖККУ мурда чыр-чатак чыккан жерге аскерин жөнөтчү эмес. Бул ирет Токаевдин өтүнүчүнө "жок" дей албады. 6-январда орусиялык аскерлер Казакстанга киришти. Калган мамлекеттер дагы аскерлерин жөнөтүштү. Аларды 7-январда аяктоо пландалган.

ЖККУ 2005, 2010, 2020-жылы Кыргызстанда болгон революцияларга, 2010-жылы өлкөнүн түштүгүндөгү улут аралык жаңжалга, Армения менен Азербайжандын 2020-жылдын күзүндөгү Тоолуу Карабактагы урушуна, ошондой эле 2021-жылы апрелдин аягындагы Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара жаңжалын токтотууга катышкан эмес. Чек арада ок атылып, кагылыш күчөгөн чакта ЖККУнун аскердик өкүлдөрү Тажикстандын башкалаасы Дүйшөмбүдө жолугушуу өткөрүп жатышкан.

ЖККУ уставынын 7-беренесине ылайык, уюм аскерлерин мүчө өлкөлөрдүн "коопсуздугуна, туруктуулугуна, аймактык бүтүндүгүнө жана өз алдынчалыгына коркунуч туулганда киргизе алары" көрсөтүлгөн. Жогоруда айтылган коркунучтардын бирөөсүндө дагы коркунучтар болгон эмес.

Орусия менен Казакстандын чек арасынын узундугу 7000 чакырымды түзөт, Токаевдин "эл аралык террордук бандалар" тууралуу билдирүүсү ЖККУ тарабынан казак бийлигине көмөк көрсөтүүгө негиз болду. Балким бул нерсе Токаевдин бийлигин сактап калууга жардам бериши ыктымал, бирок, сырт күчтөрдүн өлкөсүндө болушун көпчүлүк казактар жактырбайт, Токаевдин өлкө ичиндеги баркы түшүп, бул иш анын жүзүнө жабылган чиркөө болуп калат.

Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстанда жакында эле Желтоксандын 35 жылдыгын эскеришти, 1986-жылдын декабрында советтик аскерлер жергиликтүү коммунисттик лидер Динмухамед Кунаевдин ордуна Казакстанда бир күн иштебеген Геннадий Колбиндин дайындалышына каршы чыккан жаштарды кыштын кыраан чилдесинде күч менен аёосуз баскан. Расмий маалымат боюнча нааразылыкка чыккандардын бир нечеси курман болгон, бирок бул ишке күбө болгондордун ырасташынча, курмандыктардын саны жүздөгөн адамдарды түзгөн, канабайрамдын жоопкерчилиги Москвага жүктөлгөн.

Токаевдин ЖККУга кайрылуусу ачуу сынга кабылды. АКШнын Казакстандагы мурдагы элчиси Уильям Кортни "Твиттердеги" баракчасына минтип жазды: "Казакстан эли коррупциялашкан өкүмзорлорлукка каршы көтөрүлдү, чет өлкөдөн террорчул бандалардын эч кандай агрессиясы болгон жок".

Кортни "Орусиянын аскердик кийлигишүүсү Казакстан элинин нааразылыгын жаратат, казактар өлкөсүнүн өз алдынчалыгы менен көз карандысыздыгын баарынан бийик коёт. Аскердик кийлигишүү коңшу эки өлкөнүн 30 жылдан бери бекемделип келаткан достук мамилесине доо кетирерин" белгилейт.

Гарвард университетинин (Орусия жана Евразия изилдөөлөрү) Дэвис борборунда иштеген казак кызы Наргис Касенова ЖККУнун жардамын сурап кат жазыштын өзү "начар чечим, мындай аракет "[Токаевдин] легитимдүүлүгүн сактоо мүмкүнчүлүгүн жок кылат" деп жазды.

Мына ушул маселени дагы баса көрсөткүсү келип орусиялык Russia Today (RT) телеканалынын жетекчиси Маргарита Симоньян "Твиттерге" минтип билдирүү калтырды:

"Албетте, жардам бериш керек. Сөзсүз жардам кылыш керек. Ошол эле кезде айрым бир шарттарды коюу да зарыл. 1. Крымды таанышы керек.

2. Кириллицага кайтып келиши керек.

3. Орус тили Кыргызстандагыдай экинчи мамлекеттик тил деп таанылышы керек".

Кыргызстан да ЖККУ мүчөсү, бейпилдик күчтөрүн жөнөтүү өлкөдө кызуу талаш-тартыштарды жаратты. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев:

"ЖККУга мүчөлүктүн мааниси, менин билишимче, анын алдындагы милдеттеринде, тигил же бул ЖККУ мүчөсүнө сырттан коркунуч туулса гана аскерлер киргизилиши керек", - деди.

Саясат таануучу Аида Алымбаеванын ырасташынча, Токаевдин демилгеси "Борбор Азиянын авторитардуу лидерлерине өнөкөт түзүп койду".

Кыргызстандын парламентинин имаратынын алдында Казакстанга аскер жөнөтпөөнү талап кылган нааразылык акциясы өттү. Ага карабастан 7-январда парламент аскерлерди жөнөтүү боюнча чечим кабыл алды.

"Реформа" партиясынын жетекчиси Клара Сооронкулова "депутаттар аскер жөнөтпөө жөнүндө токтомду кабыл албай коё алышпайт болчу, себеп дегенде аскер жөнөтүүнү президент Садыр Жапаров ага чейин эле чечип койгон" деген пикирде. Ал аскер жөнөтүү менен маселе чечилбей турганын айтат:

"Токаев булар терррорчулар дейт, андай эмес. Эгер алар террорчулар болсо, эмне үчүн нааразылардын катарына аскерлер өтүп кетишти?".

Орусия Казакстанга 2500, Беларус 500, Тажикстан – 200, Армения – 70, Кыргызстан – 150 аскерин жөнөттү.

Орус жана казак бийлигинин ырасташынча, ЖККУ аскерлери стратегиялык объектилерди гана кайтарат, "антитеррордук операцияга" катышпайт. Анткен менен Казакстандагы көпчүлүк чет элдик аскерлердин өлкөгө киргизилишин өз алдынчалыктан баш тартуу, Токаевдин алсыздыгын күбөлөй турганын, кийинчерээк Кремл көрсөткөн жардамын эске салып, өзүнүн эркин таңуулашы мүмкүн экендигин айтышууда.

Макаланы кыргызчага Бекташ Шамшиев которду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG