Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

"Назарбаев доору аяктап жатканына күбө болуп жатабыз"


Казакстан, 5-январь 2022-жыл.
Казакстан, 5-январь 2022-жыл.

Дүйнөлүк маалымат каражаттары Казакстандагы окуяларга жакындан байкоо салып, соңку маалыматтарды тизмектеп, аналитиктердин ой-пикирлерине орун берүүдө.

Financial Times басылмасы Казакстандагы соңку окуяларды баяндап келип, "Елбасы президенттиктен кеткенден кийин дагы таасирин сактап калганын, ал орус президенти Владимир Путиндин негизги өнөктөшү экенин" эске салат. Макалада үч күндүн ичинде нааразылык акциялары кулач жайганы, Украина менен чек арадагы чыңалуу күчөп жаткан маалда дагы бир коңшу өлкөдөгү окуялардын мындай нукта өнүгүшү Москва үчүн анча жагымдуу көрүнүш эместиги айтылат.

“Орусиянын Тышкы иштер министрлиги кырдаалга байкоо салып жатканын билдирди. Ал эми Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Казакстан кырдаалды өз алдынча жөндөй аларын айтып, “сырттан кийлигишпөөгө” чакырды”, - деп жазат басылма.

Макалада айтылгандай, орусиялык айрым журналисттер жана эксперттер "кээ бир тышкы күчтөр Москванын Вашингтон жана НАТО менен маанилүү дипломатиялык сүйлөшүүлөрү алдында Орусияны чыгыш тараптан бейстабилдештирүү үчүн атайлап Казакстандагы кырдаалды курчутуп жатышат" деп комментарийлеп жатат. Бирок, ал кайсы күчтөр экенин аташпайт.

Financial Times Казакстан ОПЕК+ (Organization of Petroleum Exporting Сountries) тобуна кирген ири мунай өндүрүүчү, табигый ресурстарга бай өлкө экенин да белгилейт.

Орусиянын “Дождь” телеканалы казак президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешин жетектөөнү өз колуна алганын маалымдап, саясат таануучу Дмитрий Орешкинди сөзгө тарткан. Анын пикиринде, мурдагы мамлекет башчы Нурсултан Назарбаев өлкөдө саясий ролду ойнобой калгандыктан, нааразылык акциялар тууралуу азыркыга чейин үн ката элек.

“Сыягы, Назарбаевге салыштырмалуу жашыраак жана чечкиндүүрөк Токаев өз көмөчүнө күл тартып жатат. Назарбаев доорунун аягына чыгып жатканына, Казакстандын мурдагыдан суверендүү болушуна, Москвадан көз карандуулугунун азайышына күбө болуудабыз. Токаев Путиндин Назарбаевге артыкчылык берип, ката кетиргенин оңой унутат деп ойлобойм. Мурдагы советтик мейкиндиктин ыдырашын, Кремлдин ошол аймактын координатор ролунан акырындык менен кол жууп жатканын көрүүдөбүз. Токаев эми жаңы өкмөттү курап, ал өкмөт мурдагыга караганда балансталган жана инклюзивдүү болмокчу. Токаев Назарбаев мырзанын позицияларын алсыратып, өзүнүн позициясын күчтөндүрүүгө кызыкдар болчу", - деп айтты Дмитрий Орешкин “Дождь” телеканалына.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму массалык нааразылык акциялар, башаламандык өкүм сүргөн, чукул абал, коменданттык саат режими киргизилген, демонстранттар кармалып жаткан шартта Казакстандын тынч митингдерге чыгуу укуктарын, сөз эркиндигин урматтоосуу маанилүү деп билдирди.

Уюмдун Европа жана Борбор Азия бөлүмүнүн директору Хью Уильямсон "көп киши чогулган жерлерди көзөмөлдөөдө полицияны коркунуч жаралган учурда гана колдонуу керек, кулак тундуруучу гранаталарды пайдаланбоо зарыл, кышкы суукту эске алганда суу атмалар адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кооп жаратышы мүмкүн" деп эскертет. Ал эми көздөн жаш чыгаруучу газ жабык жайларда колдонулбоого тийиш.

Human Rights Watch казак бийлиги жылдар бою тынч нааразылык акцияларын өткөрүү, сөз эркиндиги өңдүү фундаменталдуу укуктарды чектегенин, олуттуу саясий реформаларды жүргүзүү чакыртыктарын четке кагып келгенин белгилейт. Андан ары калктын экономикалык абалы пандемия маалында ого бетер начарлаганы айтылат.

Deutsche Welle 5-январдагы окуяларды тизмектеп чыгып, АКШнын Нур-Султандагы элчилиги ал өлкөдөгү мекендештерин митингдер жүргөн жерлерден оолак болууга чакырганын жазды.

Маалыматка караганда, дипломатиялык миссия: “Уруксат берилбеген демонстрациялар адатта массалык кармоолор менен аяктайт... Тынч мүнөздөгү демонстрациялар да тирешүү жана зомбулукка алып келиши мүмкүн”, - деп эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG