Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 11:14

Казакстандагы саясий кризис Кыргызстанга кандай таасир этет?


Алматы. 4-январь, 2022-жыл.

Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарында башталган кымбатчылыкка каршы нааразычылык акциясы жана башаламандык өлкөнүн башка аймактарына дагы кулачын жаюуда. Кыргызстан эң жакын, боордош мамлекет санаган Казакстандагы абал Кыргызстанга кандай таасир этет?

Ушул күндөрү Казакстан эгемендик алган 30 жылдан берки эң чоң саясий кризисти башынан кечирүүдө. Суюлтулган газдын баасынын эки эсе жогорулашына каршы башталган нааразычылык акциясы саясий боек алып, бийликтин отставкасын талап кылган митингдер башалмандыкка айланды.

Кыргызстандын Казакстандагы мурдагы элчиси Акбар Рыскулов коңшу өлкөдөгү окуяларга тынчсызданып жатканын жашырбады:

Акбар Рыскулов
Акбар Рыскулов

“Эки-үч күндөн берки окуяларды байкасам, ырбап баратат. Президент Касым-Жомарт Токаев элдин койгон талабынын бардыгын аткарып, эки жолу кайрылуу жасады. Бирок, дуулдап калган нерсе чукул токтой калбайт го деп тынчсызданып турам. Менин казак боордошторго айта турган бир гана сөзүм бар. Казакстан өз тагдырын өзү чече баштаган кезден тарта мурдагы постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен экономикалык дагы саясий дагы туура жолдо эле. Бул эми Казакстандын ички маселеси. Биз ага кийлигишип, пикирибизди таңуулаган туура эмес. Эки тарап бири-бирин түшүнүп, тынчтыкка келишин тилейм”.

“Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев Казакстандагы толкундоолорду авторитардык бийликтен тажаган элдин жарылышы деп сүрөттөдү.

“Болуп жаткан окуялар Казакстанга эле эмес, жалпы регион үчүн маанилүү. Казак эли көп жылдан бери авторитардык, жеке бийликке каршы күрөшүп келген. Жаңы жылдан кийин бүтүндөй Казакстан стихиялуу, бирок бир убакта көтөрүлүп чыкты. Бул казак элинин бүгүнкү режимге нааразы экенин, өзгөрүүнү каалаганын билдирет. Нааразылыкка чыккандар демократиялашууну талап кылып, акимдер, жергиликтүү бийликти эл шайлоону талап кылып, парламенттин укугу күчөп, элдик көзөмөл керек экени жөнүндө айтып отурат. Жараян Кыргызстанда башталган, азыр Казакстанда, мунун таасири башка өлкөлөргө дагы анын ичинде Орусияга дагы тиет. Кээ бир саясий эксперттер түстүү революциялар Казакстанга дагы жетти деп баа берип жатышат”.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалыматына ылайык кыргыз-казак чек арасы жаңы жылга байланыштуу 30-декабрдан тартып күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Казакстандагы окуялардан улам чек арада кошумча чараларды көрүү каралбаганын, "бир тууган эл жана коңшу өлкөнүн жетекчилиги жаралган маселени өз алдынча чече аларына Бишкектин кымындай да күмөнү жок" деп билдирди.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев коңшу өлкөдөгү соңку кырдаал тууралуу мындай маалымат таратты.

“Өлкө жетекчилиги боордош Казакстандагы кырдаалга көз салып турат. Кыргыз тарап жалпы казак элинин жыргалчылыгына жана өлкө келечегине багытталган туура жана алгылыктуу чечим табыларына ишенет”, - деп айтылат анда.

Кыргыз - казак чек арасы пандемияга байланыштуу жүргүнчүлөр үчүн 2020-жылдан бери жабык турат. Ал эми жүк ташуучу машинелерге чектөө жок.

Казакстан Кыргызстан үчүн эң башкы транзиттик өлкө экени белгилүү. Кыргызстанды гана эмес Борбор Азиянын бөлөк мамлекеттеринин да Орусия менен байланыштырчу кара жана темир жолу Казакстан аркылуу өтөт.

Кыргызстандагы “Жүк ташуучулар” ассоциациясынын президенти Темирбек Шабданалиев Казакстандагы абалдын курчушунун кесепети регион үчүн олуттуу болушу мүмкүн дейт.

“Казакстандагы абалдын курчушу Кыргызстанга терс таасир этет. “Өмүр жолу” деп коет го, Кыргызстандын жападан-жалгыз сырткы жолдору Казакстан аркылуу өтөт. Жолдор жабылса кыйын болот. Биринчи кезекте соода-сатык тармагына оорчулук келет, баалар кымбаттайт. 10 жыл мурун бизде революция болгондо Казакстан жаап коюп, кыйын болбоду беле. Эми андан Кудай сактасын. Казак бийлиги күчтүү, андай болбойт деп туралы. Азыр Кытайдан 150 унаа кирип жатса, анын 90% Казакстан, Өзбекстанга өтөт. Андан тышкары Кыргызстандын өзүнүн 250 жүк ташуучу унаасы кирип-чыгып турат. 300дөй унаа Алматы жана башка шаарларга күнүнө жүк ташыйт. Кыскасы, 1000-1500 унаа Казакстанга кирип-чыгып иштейт”.

Казакстан - Кытай жана Орусиядан кийинки Кыргызстан эң көп соода жүгүрткөн өлкөлөрдүн бири. Ошондой эле Казакстан Орусиядан кийинки кыргызстандык мигранттар эң көп эмгектенген (2018-жылы 35 миң мигрант) экинчи өлкө. Кыргызстан да, Казакстан да Москванын таасири күч Евразия экономикалык биримдигине жана Жамааттык коопсуздук кызматташтык уюмуна мүчө. Андан тышкары эки өлкө Кытай да кирген Шанхай кызматтыштык уюмунун мүчөлөрү.

Экономика министринин мурдагы орун басары, бир топ жыл Казакстанда эмгектенген Элдар Абакиров эки мамлекеттин алакасы тууралуу буларга токтолду.

Элдар Абакиров
Элдар Абакиров

“Казакстанда биздин жүз миңдин тегерегиндеги мекендештерибиз эмгектенет. Алматы шаарындагы базарларда эле 10 миң кыргызстандык бар. Андан тышкары Астананын жана башка шаарлардын базарларында жана башка тармактарында кыргыз жарандары көп. Казакстандагы абал биздин жарандарга сөзсүз таасир этет. Андан тышкары Казакстандан ундан баштап бир топ маанилүү азык-түлүк жана курулуш материалдары келип турат. Бизден дагы бир топ товар экспорттолот. Эки өлкөнүн жарандарынын эки жакта бизнестери бар. Эң негизгиси - Казакстан Кыргызстан үчүн башкы транзиттик өлкө. Ошондуктан бизге боордош элдин тынчтыгы гана керек”.

Анткен менен эң жакын эки эл саналган кыргыз-казак карым-катышы бир кылка эмес. Эки өлкөнүн тарыхында чек аралар бир тараптуу жабылган учурлар болгон. Айрыкча 2005-2010-жылдардагы Кыргызстандагы элдик ыңкылаптардан, 2017-жылкы президенттик шайлоодон соң казак чек арасы кыска мөөнөткө жабылган.

Казакстандын бийлиги Кыргызстандагы күч менен бийлик алмашууларга карата терс пикирин ачык билдирип келишет. 2019-жылы президенттиктен кеткен менен, "Элбасы" макамын жана Коопсуздук кеңешинин башчысы кызматын сактап калган Нурсултан Назарбаев былтыр маектеринин биринде Кыргызстанга баасын берип, өлкөдө демократия болушу үчүн экономиканы өнүктүрүү зарыл экенин, Кыргызстанды "аяп кетерин" айткан.

Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январда башталган. Митингчилер азыр бийликтин алмашуусун, жашоо-шартты оңдоону талап кылып турушат.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG