Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:49

Казакстандагы кырдаал: Аба каттамдар токтоп, чек арадан жүк ташуу сээлдеди


Казакстандагы каршылык акциясы. 6-январь, 2022-жыл.
Казакстандагы каршылык акциясы. 6-январь, 2022-жыл.

Казакстандагы толкундоолорго кыргыз бийлиги дыкат көз салып турат. Мамлекеттик чек аралар жабылган жок, бирок элдин ары-бери каттоосу кескин суюлган. Авиакаттамдар токтоп, чек аралар аркылуу жүк ташуу чектелди. Кыргыз өкмөтү 6-январда чукул жыйын өткөрүп, коңшу өлкөдөгү кырдаал боюнча иш-аракеттерди талкуулады.

Кыргызстанга импорттолгон товарлардын басымдуу бөлүгү Казакстан аркылуу киргендиктен өлкөдө экономикалык абал дагы да кыйындайт деген кооптонуулар бар.

Коңшу Казакстандагы окуяларга кыргызстандыктар да абай салып, кабатыр болуп турат. Социалдык тармактарда кызуу талкуулар жүрүүдө. Кыргыз бийлиги да бир катар ыкчам иш-аракеттерди көрүп, Казакстандагы кырдаалды жөнгө салууга жардам берүүгө, ошол эле учурда Кыргызстанга тийе турган кесепеттерин азайтууга умтулуп жатат. Болуп жаткан окуялар экономикалык жактан Кыргызстанга кыйла таасир этери айтылууда.

Кыргызстан коңшу өлкөдөгү кырдаалга дыкат көз салып турат

5-январда кыргыз өкмөтү кыргыз-казак чек арасынан ары-бери өткөн жарандар үчүн ПЧР-тест тапшыруу талабын убактылуу алып салганын жарыялады.

6-январь күнү эрте менен Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин чукул жыйынын чакырып, Казакстандагы кырдаалды талкуулады. Өкмөт жетекчиси казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу коңшу мамлекетке колдон келген жардам берүүгө даяр экенин билдирди. Жыйында каржы-экономикалык тармактагы министрликтерге банк системасынын үзгүлтүксүз иштешин жана азык-түлүк, мунай коопсуздугун камсыздоо тапшырмалары берилди.

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешти чукул жыйынга чакырып, тынчтык күчтөрүн Казакстанга киргизүү маселесин кароону сураганы кабарланды. Маалыматтар боюнча, жыйын жабык эшик артында өтмөк. Бирок, парламент депутаттары 6-январда чогула албагандыктан, жыйын 7-январга жылдырылды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов каттоодон 39 эле депутат өткөнүн билдирип, чукул жыйынды 7-январга жылдырды.

Казакстандагы кырдаал боюнча ыкчам чараларды көрүү үчүн өкмөттүк штаб түзүлүп, аны жетектөө УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге жүктөлдү.

Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы окуяларды үзгүлтүксүз байкоого алып, бир катар шаарлардагы кыргыз диаспоралары менен тыгыз иштешип жатканын жарыялады. Министрлик Кыргызстандын жарандарын кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө пункттары аркылуу эвакуациялоо иштерин жүзөгө ашырып жатканын билдирди.

Чек ара кызматынын маалымат кызматынын жетекчиси Гүлмира Бөрүбаева кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу экенин, ары-бери каттоого чектөөлөр киргизилбегенин маалымдады.

“6-январь саат 13:00гө карата кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу. УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара бөлүктөрү 2021-жылдын 30-декабрынан бери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат. Өткөрмө бекеттери жарандарды, транспорттук каражаттарды жана жүктөрдү штаттык режимде өткөрүп жатат. Кыргызстан тарап да, Казакстан тарап да мамлекеттик чек ара аркылуу жарандарды, транспорт каражаттарын өткөрүүгө, товарларды киргизип-чыгарууга кошумча чектөөлөрдү киргизген жок. Чек ара тилкелеринде чогулган адамдар жок”.

Казакстандагы коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна байланыштуу эки өлкө ортосундагы авиакаттамдар да үзгүлтүккө учурады. “Манас” эл аралык аба майданынын маалымат катчысы Алия Курбанова Бишкектен Алматыга жана Нур-Султанга каттаган рейстер белгисиз мөөнөткө жылдырылганын кабарлады.

“Бүгүнкү күндө Алматы - Бишкек - Алматы жана Нурсултан - Бишкек - Нурсултан авиакаттамдары убактылуу аткарылбай турат. Алматы - Бишкек - Алматы каттамдары күнүнө бир жолудан учуп турчу, Нурсултан - Бишкек - Нурсултан жумасына 4 каттам болчу. Акыркы каттамдар 5-январда аткарылды. Алматыдан 5-январда каттам келген жок. Бул каттамдар убактылуу жабылды, бирок качан кайра ачылаарын билбейбиз”, - деди Курбанова .

Кыргызстан менен Казакстан стратегиялык өнөктөш өлкө

Казакстан Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш өлкө болуп эсептелет. Казакстандан негизинен дан, ун азыктары жана курулуш материалдары импорттолот. Мындан тышкары, Евразиялык экономикалык биримдиктеги өнөктөш жана транзиттик өлкө катары Казакстан аркылуу Орусиядан айыл-чарба өндүрүмдөрү, курулуш материалдары жана мунайзат кирет. Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагындагы өлкөлөр менен экспорт жана импорт бир гана Казакстан аркылуу өтөт.

Эки өлкөнүн чек арасынын жабылышы Кыргызстанды бир кыйла түйшүккө салат. Мындай окуя 2010-жылы болгон. Кыргызстандагы элдик толкундоолордон улам Казакстан чек араны 1,5 айга жаап койгон. Расмий маалыматтар боюнча, эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү ошол мезгилде 3 эсеге кыскарган. Натыйжада Кыргызстанда ишкерлер көптөгөн чыгымдарга учурап, өлкө экономикасы очорулуп барып оңолгон. Бул жолу да чек аралар жабылып калса, Кыргызстанда негизги керектелген азык-түлүк өндүрүмдөрү кымбаттайт деген чочулоолор бар.

Экономист Кубан Чороев Казакстандагы окуялар Кыргызстанга экономикалык жактан таасир этерин айтат.

“Казакстан менен бир топ эле чоң байланыштар бар. Маселен, банк тармагындагы байланыштар, курулуш тармагында керектелчү көптөгөн материалдарды Казакстандан алабыз. Ошондой эле, Европа, Орусия менен темир жол, унаа жол байланышы да Казакстан аркылуу өтөт. Ошондуктан, экономикалык жактан таасири болот деп айтууга толук негиз бар”.

Серепчи ошол эле маалда Казакстандагы кырдаал бир айдын ичинде турукташып кетсе, Кыргызстанга экономикалык таасири өтө терең болбойт деп эсептейт.

Ишкер жана саясат талдоочу Руслан Акматбек Казакстандагы кырдаалдын кесепети кыргыз экономикасында сөзсүз сезилет деген пикирде.

“Казакстан чоң жана транзиттик өлкө. Биздин импорттолгон, экспорттолгон товарларыбыздын баары Казакстан аркылуу өтөт. Башка транспорттук коридорлорду иштеп чыкпаганыбыз үчүн өзүбүздүн дагы күнөөбүз бар. Казакстан биз үчүн абдан маанилүү өлкө болгондуктан суу, энергетика маселесинде алардын кабак-кашын карап турабыз. Биздин ишкерлер кечээ жарыялады, мунун кесепети жогору болушу мүмкүн. Жок дегенде керектелүүчу товарлардын баалары жогорулайт. Анткени, өзгөчө кырдаалга байланыштуу товарлар ал жакта туруп калды. Товарлар такыр эле жок болбошу мүмкүн, бирок баалар көтөрүлөт”.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылдын 9 айында Кыргызстан менен Казакстандын товар жүгүртүүсү 680 млн. доллар болгон. Кыргызстандан 212,8 млн. долларлык товар экспорттолгон. Негизги экспорттолуучу товарлар азык-түлүк жана айыл-чарба өндүрүмдөрү болуп эсептелет. Кыргызстанда казак капиталы катышкан 300дөн ашуун биргелешкен ишкана бар. Алар негизинен каржы, өнөр-жай, тамак-аш, транспорт, байланыш жана курулуш багытында иштешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG