Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Казакстандан келген жарандардан ПЧР тест талап кылынбайт


Кыргыз-казак чек арасы. Архив.
Кыргыз-казак чек арасы. Архив.

Кыргызстан Казакстандагы коомдук-саясий абалдын курчушуна байланыштуу кыргыз-казак чек арасынан өткөн жарандар үчүн милдеттүү түрдө коронавирус жоктугун тастыктаган ПЧР тестти көрсөтүү талабын жокко чыгарды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул чечим кыргыз жарандары менен катар чет өлкөнүн жарандарына дагы тиешелүү.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылды.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Алматыда "антитеррордук операция" жүрүп жатканы кабарланууда.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкө боюнча өзгөчө абал киргизип, тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сураган.

Уюмга төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 6-январда Фейсбук аркылуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейпилдик күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн билдирди.

Бүгүн 6-январда Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин жөнөтүү маселеси каралат. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG