Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

Милициянын кайгуул кызматы Ошто таксилерге рейд өткөрүүдө


Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тараткан сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кайгуул кызматы 1-январдан 9-январга чейин “такси” деп аталган рейд өткөрүп жатканын маалымдады.

Учурда Ош шаарындагы таксилерге автобекеттерден сырткары туруп, тургундарга ыңгайсыздык жараткандарына айып пулдар салынууда. Ошондой эле шаар, район аралык каттамдар боюнча техникалык абалы талаптарга жооп бербегендерге дагы чара көрүлүп жатат.

Милиция бул рейд жол кырсыктарын алдын алуу үчүн Ош-Бишкек, Ош-Алай, Ош-Баткен каттамындагы таксилердин эс алуу режимин, машинелердин техникалык абалын көзөмөлдөө үчүн жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Кыргызстанда быйылкы жылдын 11 айында 6820 жол кырсыгы катталды. Бул былтыркыга салыштырганда 22 пайызга көп. Расмий маалыматтарда быйыл жол кырсыгынан 780 адам каза болуп, 10 миңден ашыгы ар кандай жаракат алганы айтылат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG