Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 15:17

Президент Жапаров Казакстандагы абал боюнча пикирин билдирди


Президент Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандагы кырдаалга көз салып жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады.

“Өлкө жетекчилиги боордош Казакстандагы кырдаалга көз салып турат. Кыргыз тарап жалпы казак элинин жыргалчылыгына жана өлкө келечегине багытталган туура жана алгылыктуу чечим табыларына ишенет”, - деп айтылат басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

2-январда Жаңы-Өзөн, Актауда газдын кымбатташына каршы акция башталып, өлкөнүн башка аймактарына да тарады. 5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына, Алматы облусу менен Маңгыстауда өзгөчө абал жарыяланган. Анын алкагында шаарларда комендантык сааттар киргизилүүдө. Режимдер 19-январга чейин деп белгиленген. 5-январда президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, тийиштүү жарлык Акорданын сайтына жарыяланды.

5-январда түштөн кийин демонстранттар Казакстандын Алматы шаарындагы акимчиликке кирип барды. Буга чейин үч миң чамалуу киши желим союлдар менен полициянын катарын бузуп өтүүгө аракет кылганы кабарланган. Бир жарым миң чамалуу полиция кызматкери аларды токтотууга аракет кылып, көздөн жаш агызчу газ колдонду. Айрым басылмалар митингчилер менен полиция ортосунда кагылышуулар болгонун жазды. Бийлик башындагы “Нур Отан” партиясынын Алматыдагы имараты жана Алматы шаардык прокуратурасынын имараттары өрттөлдү. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG