Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:51

“Салык кодексине” киргизилип жаткан өзгөртүүлөр талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн 5-январда Бишкекте Башкы прокуратуранын имаратында “Салык кодексине” киргизилип жаткан өзгөртүүлөр талкууланганын жарандык активист Атай Бейшенбек “Фейсбуктагы” баракчасы аркылуу билдирди. Анын айтымында, бир катар ишкерлер катышкан жолугушуу жабык өттү, башкы прокурор Курманкул Зулушев алардын пикирин президентке жеткирерин билдирди.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы азырынча бул тууралуу маалымат бере элек.

Атай Бейшенбек билдиргендей, ишкерлер жаңы “Салык кодекси” мамлекеттин кызыкчылыгында бир тараптуу жазылып калганын айтып, президентти ага кол койбоого, артка кайтарууга чакырышты жана салыктын жалпы кирешеден алынышына, чакан бизнес үчүн кассалык-көзөмөл жабдыгын киргизүүгө каршылыгын айтышты.

“Көптөгөн суроолорго карабай, экономика министри, Салык кызматынын жетекчилери так жооп бере албай жатканын башкы прокурор Курманкул Зулушев өзү да көрдү. Көп сын-пикирлерди айтты. Президент “Салык кодексине” нааразы болуп жаткандар менен жолугушуп, эки тараптын тең пикирлерин ук деген тапшырма берген экен. Тилекке каршы, биз толук маалымат ала алган жокпуз”, - дейт активист Атай Бейшенбек.

Талкууга экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, каржы министри Алмаз Бакетаев жана Салык кызматынын төрагасынын орун басары Бекболот Алиев катышканы белгилүү болду.

“Салык кодексинин” жаңы редакциясын 2021-жылдын 22-декабрында Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда кабыл алып, президенттин кол коюусуна жөнөткөн. Президент Садыр Жапаровдун 6-декабрда чыккан “Чакан ишкердик субъекттерин колдоо, жагымдуу салык жана бажы климатын түзүү жөнүндө” жарлыгына ылайык, чакан ишкердикти бардык салыктардан бошотуу сунушталган. Экономика жана коммерция министрлиги аталган жарлыктын негизинде кодекске чакан ишкердикти бардык салыктардан мөөнөтсүз бошотуу боюнча өзгөртүү киргизилерин билдирип келет. Кодекске киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө кабатыр болгон ишкерлер декабрь айында бир нече жолу нааразылык акциясына чыгышкан. Бул арада Салык кызматы ишкерлерди кайра каттоо иштерине даярдыктарды жүргүзүүдө. (KuA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG