Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:33

Актөбөдө полиция менен кагылышууда жети киши жаракат алганы кабарланды


Актөбөдөгү митинг. 5-январь, 2022-жыл.
Актөбөдөгү митинг. 5-январь, 2022-жыл.

Казакстандын Актөбө шаарында демонстранттар менен полиция ортосундагы кагылышуу уланууда. Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Рүстем Исаев жети адамды “Тез жардам” кызматы алып кеткенин ырастады.

"Экөөнүн абалы оор. Калгандары жеңил жаракат алышкан",-деди ал.

5-январь күнү полиция демонстранттарга желим ок чыгарганы айтылууда. “Азаттыктын” казак кызматы бутунан жаракат алган бир нече адамды көргөнүн кабарлады.

Маалыматка караганда, бүгүн облустук акимчиликтин алдына чогулган митингчилер имараттын терезелерин сындырып, ичкери кирүүгө аракет кылган.

Полиция аларга көздөн жаш агызчу газ колдонуп, артка сүргөн. Нааразылык акциясына чыккандар облус акиминин келишин талап кылып, бирок ал митинг өтүп жаткан жерге келген эмес.

Шаарда коомдук каттамдар токтоп, интернет иштебей жатат. Облус акимчилигине жакын жердеги дүкөндөр жана супермаркеттер жабык турат.

2-январда Жаңы-Өзөн, Актауда газдын кымбатташына каршы акция башталып, өлкөнүн башка аймактарына да тарады. 5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына, Алматы облусу менен Маңгыстауда өзгөчө абал жарыяланган. Анын алкагында шаарларда комендантык сааттар киргизилүүдө. Режимдер 19-январга чейин деп белгиленген. 5-январда президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, тийиштүү жарлык Акорданын сайтына жарыяланды.

ИИМ 200дөн ашуун киши кармалганын, “акимчиликтерге кол салуу болуп”, имараттар, полициянын 37 кызматтык автоунаасы талкаланганын билдирген. Ошондой эле 95 полиция кызматкери жаракат алганы айтылды. Митингчилер арасындагы жабыркагандар боюнча расмий маалыматтар жок. (AbA)

XS
SM
MD
LG