Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:38

Нур-Султан шаарында да өзгөчө абал режими жарыяланды


Казакстандын Нур-Султан шаары. 5-январь, 2022-жыл.
Казакстандын Нур-Султан шаары. 5-январь, 2022-жыл.

Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында да өзгөчө абал режими жарыяланды. Бул тууралуу жарлык өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгонун akorda.kz сайты кабарлады.

Мунун алдында Алматы шаарында ушундай режим кирген. Түнкү нааразылыктар учурунда Алматы облусу менен Маңгыстауда өзгөчө абал жарыяланган. Анын алкагында шаарларда комендантык сааттар киргизилүүдө. Режимдер 19-январга чейин деп белгиленген.

5-январда президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, тийиштүү жарлык Акорданын сайтына жарыяланды.

5-январда түштөн кийин демонстранттар Казакстандын Алматы шаарындагы акимчиликке кирип барды. Буга чейин үч миң чамалуу киши желим союлдар менен полициянын катарын бузуп өтүүгө аракет кылганы кабарланган. Бир жарым миң чамалуу полиция кызматкери аларды токтотууга аракет кылып, көздөн жаш агызчу газ колдонду. Айрым басылмалар митингчилер менен полиция ортосунда кагылышуулар болгонун жазды. Бийлик башындагы “Нур Отан” партиясынын Алматыдагы имараты жана Алматы шаардык прокуратурасынын имараттары өрттөлдү.

2-январда Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы башталган акция өлкөнүн башка аймактарына да тарады. 5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашты. Өлкөдө интернет чектелгени кабарланды.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө боюнча 200дөн ашуун адам кармалды. Мекеменин маалыматына караганда, Алматы, Чымкент жана Таразда “акимчиликтерге кол салуу болуп”, имараттар жабыркаган. Ошондой эле 95 полиция кызматкери жаракат алып, 37 кызматтык автоунаа жабыркаганы айтылды. Митингчилер арасындагы жабыркагандар боюнча маалымат айтылган жок. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG