Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Мэрия: "Тазалыкта" 54 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек мэриясы “Тазалык” муниципалдык ишканасында көчө тазалоочу атайын техника жетишсиз болуп жатканына андагы системалык коррупция себеп деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн 5-январда мэриянын басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылды.

Шаар башкармалыгынын маалыматына караганда, 2020-жыл боюнча жүргүзүлгөн аудитордук текшерүү “Тазалыкта” 54 миллион сомдук каржылык мыйзам бузуу бар экенин аныктады.

“Ишкананын бюджетине келтирилген чыгымдын көбү мыйзамсыз сатып алууларга, кара майга жана тетикке деген акчанын себепсиз коротулушуна, жетекчилерге негизсиз акча төлөнүшүнө, алкоголдук ичимдик, тамеки сыяктуу абсурддук сатып алууларга байланыштуу болгон” деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Соңку бир ай ичинде Бишкекте “Тазалыктын” үч жумушчусу көчө тазалап жаткан учурда машина коюп кетип каза болгону коомчулукта кызуу талкуу жаратып, ишканага атайын техника сатып алууга элден акча чогултуу тууралуу демилге көтөрүлүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG