Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:05

Актөбөдөгү нааразылык акциясы


Актөбөдөгү нааразылык акциясы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:06 0:00

Казакстандын Актөбө шаарында акимчиликти басып алууга аракеттенгендерге полиция көздөн жаш агызчу газ колдонду. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы жазды. Маалыматка караганда, 5-январда күндүз облустук акимчиликтин алдына чогулган митингчилер имараттын терезелерин сындырып, ичкери кирүүгө аракет кылган. Полиция аларга көздөн жаш агызчу газ колдонуп, артка сүрдү. Аймакка кошумча күчтөр тартылып жатканы айтылды. “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы жаракат алган бир нече адамды көргөнүн билдирди. Полиция желим ок колдонгон болушу мүмкүн деп айтылууда. Нааразылык акциясына чыккандар облус акиминин келишин талап кылууда. Бирок ал митинг өтүп жаткан жерге келген жок. Шаарда коомдук каттамдар токтоп, интернет иштебей жатат. Облус акимчилигине жакын жердеги дүкөндөр жана супермаркеттер жабык турат.

XS
SM
MD
LG