Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:40

Казакстандын Ички иштер министрлиги 200дөн ашуун киши кармалганын кабарлады


Чымкент. 4-январь, 2022-жыл.
Чымкент. 4-январь, 2022-жыл.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча 200дөн ашуун адам кармалды. Министрлик түндө болгон акцияларды айыптап, анын катышуучуларын “чагымчыларды ээрчигендер” деп атады.

"Жарандар туруктуулукка жана калктын коопсуздугуна коркунуч келтирген мыйзамсыз аракеттерге барууда. Мындан тышкары, жарандардын айрым топтору жолдорду бөгөп, коомдук тартипти жана элдин тынчтыгын бузуп, жол кыймылына тоскоолдук жаратты. Укук коргоо жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери кол салууга дуушар болду”,-деп айтылат ИИМ тараткан билдирүүдө.

Мекеменин маалыматына таянсак, Алматы, Чымкент жана Таразда “акимчиликтерге кол салуу болуп”, имараттар жабыркаган. Ошондой эле 95 милиция кызматкери жаракат алып, 37 кызматтык автоунаа жабыркаганы айтылды. Митингчилер арасындагы жабыркагандар боюнча маалымат айтылган жок.

"Бийлик өкүлдөрүнө каршы күч колдонулуп, мамлекеттик мекемелерге чабуул жасалган 13 факты боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды", - деди ИИМ.

5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашкан. Нааразылыкка чыккандардын айрымдарын полиция кармап кеткен. Өлкөдө интернет чектелгени кабарланды.

Маңгыстау менен Алматыда өзгөчө абал жарыяланды. Алматыга 19-январга чейин комменданттык саат киргизилди. Президенттин жарлыгына ылайык, кечки саат 23:00дөн таңкы 7ге чейин коменданттык саат киргизилип, массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынып, автоунаалардын кыймылы чектелет.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда башталган. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду. Акциянын катышуучулары өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптар айтылды.

Бозгунда жүргөн оппозициячыл саясатчы Мухтар Аблязов күч түзүмдөрүн акцияга чыккандарга күч колдонбоого чакырды. Президент Касым-Жомарт Токаев экинчи жолу видео кайрылуу жасап, элди сабырдуулукка үндөдү. 5-январда президент өкмөттү отставкага кетирип, тийиштүү жарлык Акорданын сайтына жарыяланды. (AbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG