Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:26

Түркияда коронавирус жуктургандардын саны көбөйдү


Стамбул шаары. 2021-жыл.
Стамбул шаары. 2021-жыл.

Түркиянын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 4-январда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны бир күндө 54 724 кишиге жетти. 137 бейтап вирустан көз жумду. Бул алты айдан бери эң жогорку көрсөткүч.

Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа Твиттерден "өзгөчө ири шаарларда коронавирустун омикрон штаммын жугузуп алгандардын саны өсүп жатканын" билдирди.

Учурда Түркияда Sinovac, Pfizer/BioNTech жана жергиликтүү Turkovac вакциналары сайылууда. Вакцинаны жергиликтүү тургундар жана өлкөдө туруктуу жашаган чет өлкөлүктөр да акысыз алып жатышат.

4-январга карата 83 миллион калкы бар Түркияда элдин 83% вакцинанын эки дозасын алган.

Былтыр апрель-май айларында Түркияда инфекция күчөп, анын кесепетинен июнда түрк бийлиги үч жумалык толук карантин жарыялаган. Ал эми 1-июлдан баштап өлкөдө коронавируска байланышкан чектөөлөр толук алынган. Бирок коомдук жайларда жана транспорттордо беткап эрежеси тыкыр сакталары эскертилген.

Түркияда коронавирус жугузуп алгандар биринчи 2020-жылы 11-мартта катталган. Расмий маалыматтарга караганда, 4-январда Түркияда вирустан өлгөндөр 82 795 кишиге жетти. Аны жугузуп алгандар тогуз жарым миллиондон ашты. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG