Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

ИИМ: Майрамдык күндөр тынч өттү, олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок


ИИМ имараты.
ИИМ имараты.

Жаңы жылдык майрам күндөрү Кыргызстанда олуттуу мыйзам бузуулар катталган жок, ыкчам-криминалдык абал туруктуу бойдон сакталууда жана милициянын көзөмөлүндө турат. Бул тууралуу 5-январда Ички иштер министрилиги (ИИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, майрам күндөрү милиция күнү-түнү күчөтүлгөн тартипте иштеп жатты. Коомдук тартипти сактоого жана элдин коопсуздугун камсыз кылууга элдик кошуундар да жардам берди.

Быйыл Жаңы жыл майрамына байланыштуу Кыргызстанда 1-9-январь эс алуу күндөрү болуп жарыяланган. (RK)

XS
SM
MD
LG