Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Кыргызстанда коронавирус көрсөткүчү кескин жогорулады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда соңку эки айдан бери биринчи жолу коронавирус боюнча көрсөткүч кескин жогорулады. COVID-19ка каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 5-январдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2809 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 152 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (112 адам).

Акыркы жолу 2-ноябрда 172 учур катталган, ошондон бери көрсөткүч дээрлик жүздөн ашпай келе жаткан. Кечээ, 4-январда 52 адам катталган.

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 185 031 адам болду.

Азыр ооруканада 271 бейтап жатат, дагы 414 адам үйдөн дарыланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG