Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 15:23

Экстремизмге каршы мыйзам долбоору кайра жазылды


Ош шаарындагы экстремизмге каршы жөө жүрүш. 23-ноябрь, 2018-жыл.

Ички иштер министрлиги экстремизмге каршы мыйзам долбоорун кайра жазып, коомдук талкууга чыгарды. Мыйзам долбоорунда экстремизм деп кайсы аракеттер аныкталары жазылган. Долбоордун бардык жоболору жазык-укуктук блоктогу кодекстердин жаңы редакцияларына жана Шанхай кызматташтык уюмунун Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясына ылайык келтирилген. Айрым укук коргоочу уюмдар мыйзам долбоорун жазууда алар берген сунуш-пикирлер эске алынбай калганын айтууда.

Жаңы мыйзам долбоорунда экстремизм идеология катары сыпатталууда. Эгерде азыр экстремизм деп өлкөнүн коопсуздугуна шек келтирүүгө багытталган топтордун, уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын иш-аракеттери деп бааланса, Ички иштер министрлиги сунуштаган мыйзам долбоорунда экстремизм идеология катары жазылган.

Ички иштер министрлиги мыйзам долбоорунун негиздемесинде экстремизм менен күрөшүүдө эл аралык жана заманбап ыкмалар зарыл экенин белгилеп, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч туудурган ар кандай уюмдардын ишмердүүлүгү байкалып жатканын билдирген.

“Азыркы учурда өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугуна коркунуч туудурган саясий, экономикалык, криминалдык, конституциялык түзүлүштүн негиздерин бузууга чейинки башка кызыкчылыктарды жана максаттарды көздөгөн деструктивдүү жана экстремисттик уюмдардын ишмердиги байкалууда”, - деп айтылат баяндамада.

Ички иштер министрлиги Кыргызстанда диний уюмдардын жана айрым жарандардын деструктивдүү ишмердиги кайрымдуулук, билим берүү же башка социалдык маанидеги акцияларга жамынуу менен жүзөгө ашырылып жатканын белгилеген. Анда алардын аракети белгилүү этапта экстремизмдин жана зомбулуктун белгилерин көрсөтпөгөнү менен айрым жарандардын, коомдун, бүтүндөй мамлекеттин жашоо-турмушуна коркунуч туудурары жазылган.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы, коопсуздук маселелери боюнча эксперт Орозбек Молдалиев Ички иштер министрлиги келтирип жаткан жүйө негиздүү экенин айтат.

Орозбек Молдалиев
Орозбек Молдалиев

“Экстремизм менен алектенем деп эч бир уюм келбейт. Кайрымдуулук кылат, билим беребиз дейт анан экстремисттик иштерге өтө баштайт. Акыркы убакта экстремизм менен күрөшүү солгундап кетти. Былтыр олку-солку абалда "Ислам мамлекетин түзө коебуз", "светтик деген сөздү алып салгыла" деген топтор чыкты. Бул Конституцияга каршы аракет деп эскертүү берген деле орган болгон жок. Алардын санын аныктоо кыйынчылык туудурат. Бирок алардын идеясын ээрчип кетчү адамдар бар. Мисалы, "Ислам мамлекети" дегенди түздүк дедик эле, бизден 800дөн ашык адам кетип калбадыбы. Былтыркы окуялардан кийин "бийликти алыш оңой эле турбайбы" деген топтор бар. Ошондой диний уюмдарды пайдаланып бийликке келебиз деген, келип аткан партияларды көрүп жатпайбызбы. Мамлекет муфтиятка жардам бериш керек. Экстремисттик идеяларды жайылткандарды муфтият аныктап бериши зарыл”.

Ички иштер министрлиги мындай мыйзам долбоорун иштеп чыгуу зарылдыгы теологиялык борборлордо билим алган жана радикалдуу диний агымдардын өзгөчөлүгүн жана аларды жайылтуунун зомбулук ыкмаларына үгүттөгөн адамдардын башка мамлекеттерден кирип келиши олуттуу тынчсызданууну жаратып жатканы менен түшүндүргөн.

2020-жылы ноябрь айында Бишкекте эл аралык эксперттердин катышуусунда “Экстремизмге каршы күрөшүүнүн шартында адам укуктарын сактоо” деген тегерек стол өткөн.

Тегерек столдун катышуучулары мыйзам долбооруна экстремизмдин юридикалык аныктамасын так аныктоо сыяктуу бир топ сунуштарды берген. Анын уюштуруучусу, “Бир дүйнө – Кыргызстан” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова Ички иштер министрлиги мыйзам долбоорун жазууда кыргызстандык жана чет өлкөлүк эксперттер берген сунуштарды эске албаганын айтат.

Исмаилова бир айлык коомдук талкуу учурунда мыйзам долбоорундагы адам укугу, демократиялык баалуулуктарды чектеген ченемдер алыныш керек деп эсептейт.

“Бул мыйзам долбоорун Шанхай кызматташтык уюмунун Экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча конвенциясына ылайык келтирип жатышат. Кытайдын саясаты башка, чек аранын артында миңдеген мусулмандар жапа чегип жатат. Бул жакта Орусия Крым татарларын же башка сын айткан адамдарды экстремистсиңер деп зынданга салып жатат. Биз эгемен мамлекетпиз. Азыркы бийликти жакырчылыкта калган, жапа чеккен адамдар колдоду. Ошол үчүн коркутуу, үркүтүү деген инструменттерден алыс болушубуз керек. Биз эч качан адам укугун кыскан, ШКУга мүчө өлкөлөрдүн мыйзамдарын алып келгенден алыс болушубуз керек”.

Ички иштер министрлиги интернет айдыңы, маалыматтык телекоммуникациялык тармактар экстремисттик уюмдар үчүн негизги байланыш каражатына айланганын, алар аны өз катарына жаңы мүчөлөрдү тартуу, экстремисттик багыттагы кылмыштарды уюштуруу жана жасоо, экстремисттик идеологияны жайылтуу үчүн колдонуп жатканын белгилеген.

Саясат талдоочу Эсенбек Өмүрканов мыйзам долбоору экстремизм менен күрөш деген атка жамынып, башка көз караштагы адамдарды куугунтуктоого курал болбош керектигин айтат.

Эсенбек Өмүрканов
Эсенбек Өмүрканов

“Орусия менен салыштырсак, Навальныйдын коррупция менен күрөшүү фонду экстремисттик деп табылып, жабылып, мүчөлөрү куугунтукталып жатат. Андан кийин эл аралык “Мемориал” деген чыныгы тарыхты чыгарган уюмду дагы экстремисттик деп таап бүткүл дүйнөгө шерменде болуп жатат. Биздин соттор деле андан алыс эмес да. Бул мыйзам өзгөчө ою бар, башка пикири бар, бийликке жакпаган сөз сүйлөгөндөргө колдонулбайбы деген коркунуч сөзсүз бар”.

Экстремизмге каршы мыйзам долбоору мыйзамдарды жаңы Конституцияга шайкеш келтирип, 300дөн ашык мыйзамдарды инвентаризациялоо учурунда сунушталды.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, экстремизмге каршы күрөштө аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүн президент жетектейт. Мамлекеттик программаларды бекитип, жарлыктарды, буйруктарды чыгарат.

Экстремизмге каршы турууда мыйзамдуулуктун сакталышын башкы прокурор көзөмөлдөйт.

“Медиа полиси” институтунун юристти Акмат Алагушев Ички иштер министрлиги сунуштаган мыйзам долбоору декларативдик гана документ экенин, бул ченемдер мурдагы мыйзамдарда деле болгонун айтат.

Акмат Алагушев
Акмат Алагушев

“Бул мыйзамды экстремисттик аракеттер деген эмне экенин санаган декларативдик мыйзам десек болот. Бул мурда деле бар болчу. Азыр жаңы кодекстер Башкы прокуратураны күчөтүп жатпайбы, ошого ылайыкташтырылып кайра жазылыптыр. Мисалы, мурдагы мыйзамда прокуратурадан жеке менчик, коомдук уюмдарга эскертүү берүү алынып салынган. Бул мыйзамда кайтарылып берип жатат. Эмне үчүн Ички иштер министрлиги демилгечи болуп чыгып жатат, билбейм. Андай деле коркунучтуу нерсе бар деп айта албайм”.

Мыйзам долбоору 29-декабрда жарыяланган, ал 28-январга чейин өкмөттүн сайтында жайгаштырылат. Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган.

2003-жылдан бери 21 диний бирикменин өлкө аймагында иш жүргүзүүсүнө тыюу салынган.

2020-жылдын аягында президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Улуттук коопсуздук концепциясын бекитти. Концепция Кыргызстандын улуттук коопсуздугуна келтирилген коркунучтарды алдын алуу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана ушул чөйрөдөгү эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында кабыл алынган.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG