Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Саясий кастыкты козуткандарды жазалоо сунушталды


2020-жылдын октябрь айындагы Бишкектин борбордук аянтындагы окуялар. Кыргызстан. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда тийиштүү мыйзамдарга «саясий кастыкты козутуу» деген түшүнүк киргизилип жатат. Өкмөт, анын ичинде Ички иштер министрлиги бул берене экстремизм менен күрөшүү үчүн кабыл алынып жатканын кабарлоодо.

Ошол эле учурда коомчулукта аталган жагдай оппозициялык маанайдагы саясатчыларга каршы колдонулушу мүмкүн деген кооптонуу жаралды.

Экстремизмдин жаңы аталышы

Жаңы түшүнүк камтылган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорду өкмөт сунуштады. Тагыраагы муну менен Жазык кодексине жана Жазык-процесстик кодексине толуктоолор кирмекчи.

Жогорку Кеңештин 15-апрелдеги жыйынына биринчи окууга киргизилген документти өкмөттүн атынан ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев коргоду:

Нурбек Абдиев парламентте.
Нурбек Абдиев парламентте.

«Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) 2017-жылдын 9-февралындагы конвенциясында «экстремизм», «экстремисттик акт» жана «саясий экстремизм» деген аракеттин өзүнчө белгиси бар. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө» мыйзамында идеологиялык, саясий, расалык, улуттук же диний жек көрүү, ошондой эле ошого тете социалдык топторго карата жек көрүү жүйөлөрү боюнча душмандык кылып массалык тополоңдорду, ээнбаштык жана уурдап, талап-тоноого багытталган аракеттер «экстремисттик аракет» деп белгиленген. Ушуга байланыштуу конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө жана саясий кастыкты козутууга багытталган идеологияны үгүттөгөн диний экстремисттик уюмдардын иш-аракетине бөгөт коюу жана алдын алуу максатында Жазык кодексинин күчүндө турган редакциясынын 314-беренесинин 1-бөлүгүнө «экстремисттик уюмдун аракеттери» түшүнүгүнө «саясий кастыкты козутуу» жоопкерчилигин киргизүү сунушталып жатат»,-деди ал.

Албетте, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда мындан башка да бир топ өзгөртүүлөр бар. Бирок депутаттар арасында анын ушул саясий өңүтү көбүрөөк суроо жаратты.

Депутат Дастан Бекешев ИИМдин бул демилгеси адам укугун коргоого каршы келерин айтты:

Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

«Орусияда дал ушул түшүнүк менен 16 жаштагы баланы Телеграмм-каналынан Владимир Путинди сындап койгону үчүн түрмөгө камашты. Бизде да ушундай болобу? Саясий күрөш, сын деген болушу керек да. Адамдар өз пикирин да айта албай калышабы эми? Эгер эртең президентти сындап, анын саясатына каршы пикир айтсак, анда бизди да ошол эле замат саясий экстремист деп чыгышат»,-деди Бекешев.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев депутатка жооп кылып, жоопкерчиликке комментарий үчүн эмес, аракеттери үчүн тартыларын билдирди.

Адатта саясий куугунтукка кабылгандарды коргоп жүргөн башка бир депутат Жанарбек Акаев бул жолу мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүү боюнча оң пикирин билдирди:

Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

«Бул мыйзамды мен карап чыктым. Толук колдойбуз. Бул туура, керек мыйзам. Анткени бул жерде «Конституциялык түзүлүштү күч колдонуп өзгөртүүгө жана саясий кастыкты козутууга багытталган идеологияны үгүттөгөн диний-экстремисттик уюмдун иш аракеттерине» деп так жазылып турат. Бул жерде саясий партияларга же саясатчыларга карата эмес. Эгер андай болгондо мен биринчи кыйкырып чыкмакмын. Эми экстремизм менен саясатты байлап, ошого карап соттоп жиберем деген бул албетте туура эмес. Андай болбойт деп ишенем».

«Кыргыз саясатчысы сабак албайт окшойт...»

Жазык кодексинде учурда «улуттук, этностук, расалык, диний же аймактар аралык кастыкты (араздашууну) козутуу» деген түшүнүктөр камтылган. Саясий кастыкты козутуу мында такыр жаңы жагдай болуп калмакчы.

Арийне, бул көрүнүш юридика илиминде үзүл-кесил изилденип келери белгилүү. Бирок ачык булактарда дүйнөнүн кайсы өлкөлөрүндө киргизилгени так эмес. Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү саналган Орусияда Жазык кодексине 2007-жылы кошулганы кабарланат.

Юрист Нурбек Токтакунов Кыргызстандын мыйзамдарына саясий кастыкты козутуу жөнүндө түшүнүктүн киргизилип жатканын сынга алып чыкты. Ал бул жагдай кайсы бир оппозициячыл саясатчыларды же бийликти сындагандарды куугунтукка алууга негиз болуп калат деп эсептейт:

Нурбек Токтакунов.
Нурбек Токтакунов.

«Бул түшүнүк эл аралык практикага да, акыл-эске да сыйбаган көрүнүш. Анткени саясатта атаандаштык, бири-бирине сын айтуу көрүнүшү болушу керек да. Саясий атаандаштык жок болсо, анда саясат да болбойт. Мына Орусияда, Түндүк Кореяда саясат жок. Ал эми бизде саясат бар, башка өлкөлөрдөн айырмабыз ошол. Ошондуктан Кылмыш кодексине «саясий кастык» жана «саясий кастыкты козутуу» деген берене киргизилип жатканы эми мындан ары саясат жок болот дегенди түшүндүрөт. Азыр Ысык-Көл тамырчасы же уу коргошун дары чөбү тууралуу бийликти сындап жазып жатышабы, ушундай билдирүү үчүн бул берене менен камай башташат. «Бул киши саясий кастыкты козутуп жатат» деп коёт, ошо менен бүттү. Оппозицияга гана эмес, өкмөттүк эмес уюмдарга, укук коргоочуларга, катардагы эле жарандарга да козгой берсе болот».


Кыргызстанда саясий куугунтукка байланыштуу бийликке сын-доомат биринчи президент Аскар Акаевдин тушунан баштап айтылып келет. Экинчи президент Курманбек Бакиевдин мезгилинде саясатчылар жана бийликти сынга алгандар киши колдуу болгону учурлар катталган.

Үчүнчү президент Роза Отунбаеванын мөөнөтү аздыгынан бул жагдай анын тушунда көп козголгон эмес. Бирок төртүнчү президент Алмазбек Атамбаевдин кезинде отуз-кырктай киши саясий мотив менен камалганы айтылган. Бешинчи президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда ар кандай айыптар менен кеминде он чакты саясатчы камалган.

Атамбаевдин тушунда эки жолу камалып чыккан учурдагы – алтынчы президент Садыр Жапаровдун бийлигине карата да саясий куугунтук тууралуу доомат айтыла баштады. Өзгөчө Баш мыйзамды өзгөртүү жана Жетим-Тоо кенин иштетүүгө байланыштуу бийликке сын таккан бир нече активисттер камалганда ушул тема козголгон.

«Саясий туткундарды коргоо комитетинин» төрагасы Сапар Аргынбаев буларга токтолду:

Сапар Аргынбаев.
Сапар Аргынбаев.

«Бүгүнкү бийликте отургандар камалганда да, аларга кылмыш иши козголгондо да биз «бул туура эмес, саясий куугунтук кылбагыла» деп Атамбаевдин бийлигине эскертип келгенбиз. Саясаттын башында жүргөндөрдүн көбү ошол маалда унчукпай жүргөндө биздин комитет аларды коргоп, өз аракеттерибизди колубуздан келишинче жасаганбыз. Эми кайра өздөрү бийликке келгенден кийин саясий куугунтукка байланышкан нерселердин чети улам-улам чыгып жатат. Ошондуктан булар сабак алган эмес окшойт, алса деле башка кызыкчылыктары ачылды деп кабылдасак болчудай».

Президент Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин өкмөт башына бекилип жаткан учурда өзү кезинде саясий куугунтук менен камалганын, баарын көрүп-билген киши катары ал бийликке келсе ага жол бербей турганын айткан эле. Быйыл 15-мартта «Азаттык» радиосундагы маегинде Кыргызстанда саясатчыларга, журналисттерге карата саясий куугунтук болбой турганын кайталаган.

«Саясий кастыкты козутуу» түшүнүгүн киргизүүнү мерчемдеген мыйзам долбоорун парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети караган. Мыйзам жалпы палатада 15-апрелде көпчүлүк добуш менен биринчи окуудан өттү.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (8)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG