Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2022 жума, Бишкек убактысы 09:57

Акордо: Токаев өлкөдө түзүлгөн абал үчүн күнөөлүүлөрдү атады


Алматы. 2022-жылдын 5-январына караган түн.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев газдын кымбатташына каршы нааразылыктан улам түзүлгөн кырдаал үчүн өзгөчө күнөө өкмөттө, Энергетика министрлигинде жана "Казмунайгаз", "Казакгаз" компанияларында деп эсептейт. Бул тууралуу ал 5-январда өкмөт мүчөлөрү менен өткөргөн жыйында айтканын Акордо билдирди.

Казак президентинин сайтындагы соңку маалыматка караганда, Токаев Алматыда жана Маңгыстау облусунда өзгөчө абал жарыялангандан кийин “кырдаал бара-бара оңолуп баратканын”, күч органдары өз милдетин “ийгиликтүү аткарып” жатышканын айтып, аткаруу бийлигинин эң негизги иши катары көрсөтүлгөн инфляцияны ооздуктоо аткарылбаган бойдон калганын белгиледи.

Өлкө башчысы өкмөткө газ өндүрүү боюнча койгон тапшырмалары да тийиштүү деңгээлде аткарылбай жатканын белгилеп, көгүлтүр отундун, азык-түлүктүн баасын жөнгө салуу, турак жай жана коммуналдык төлөмдөр боюнча маселелерди карап чыгуу тапшырамсын берди.

Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы акция 2-январда башталган. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да болду.

5-январга караган түнү айрым жерлерде митингчилер полиция менен кагылышты. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашты. Нааразылыкка чыккандардын айрымдарын полиция кармап кетти. Өлкөдө интернет чектелгени кабарланды.

Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда өзгөчө абал жарыяланды. Алматыга 19-январга чейин комменданттык саат киргизилди.

Өкмөт отставкага кетип, айрым жогорку кызмат адамдары иштен алынды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG