Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Казакстан: “Азаттыктын” журналисти Дархан Омирбек бошотулду


Дархан Омирбек.
Дархан Омирбек.

Казакстандын Нур-Султан шаарында кармалган “Азаттыктын” журналисти Дархан Омирбек милиция бөлүмүндө 4,5 саат камоодон кийин бошотулду. Полиция аны 4-январдын кечинде “Асем” базарынын жанында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акцияларын чагылдырып жаткан учурда кармаган. Полиция аны 5-январга караган түнү, саат 2лер чамасында коё берди.

Дархан Омирбек өзүн алып кетип жаткан полициянын автоунаасынан түз эфирге чыгып, баяндап жатты.

Мурдараак акциялар учурунда Алматы бюросунунун жетекчисинин милдетин аткарып жаткан Касым Аманжол кармалып, эки сааттан кийин кайра бошотулган. Себебин түшүндүрүшкөн эмес.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев мурдараак видео кайрылуу жасап, жарандарды тартипке чакырган. Мамлекет башчысы “жарандык жана аскердик максаттагы кызматтык имараттарга чабуул жасоого үндөгөн ураандар мыйзамга каршы келерин, анын артында жоопкерчилик бар экенин” эскерткен. Анын алдында “Твиттерде” жазган постунда, “коомдун бүтүндүгүн жана стабилдүүлүгүн бузууга кызыкдар бүлүндүрүүчү (деструктивдүү) адамдарды ээрчип кетпөөгө” үндөгөн.

Казакстандын Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларында газдын кымбатташына каршы акция 2-январдан бери уланууда. 4-январда митингдер Нур-Султан, Алматы, Актөбө, Караганды, Атырау, Орал жана башка шаарларда да уланды. Акциянын катышуучулары акыркы эки күндөн бери өкмөттүн отставкасын жана башка саясий талаптарды айтып жатышат.

5-январга караган түнү Казакстандын акцияга чыккандар тарабай турушат, айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашууда.

Нааразылыкка чыккандарды полиция кармап кетүүдө. Шейшемби күнү Алматы шаарында эле 150дөй жаран кармалганы маалымдалды. Анын ичинде “Азаттыктын” казак кызматынын эки кызматкери кармалып, кайра кое берилди. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG