Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2022 жума, Бишкек убактысы 22:19

Журтташтар кайсыл тармакка инвестиция салат?


Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банктын статистикасына караганда, 2021-жылдын алгачкы он айында чет өлкөдөгү журтташтар 2,2 миллиард доллар которушкан. Бул ички дүң өнүмдүн дээрлик 30% түзөт. Соңку жылдары мигранттар Кыргызстандагы долбоорлорго, анын ичинде курулуш компанияларына, IT фирмаларга инвестиция салып келишет. 2022-жылы журтташтардан кандай долбоорлорду күтсөк болот? Алар кайсыл тармакка инвестиция салса натыйжалуу болмок? Бул үчүн мамлекет кандай чараларды көрүшү керек?

Былтыр октябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров “2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Улуттук программада экономиканын өсүшүн жыл сайын орточо 5%, ички дүң өнүмдү калктын жан башына алганда кеминде 1 500 долларга жеткирүү, жумушсуздукту 5% чейин төмөндөтүү пландалган. Жумушсуздукту чечүү жолдорунун бири катары миграция да каралат.

"Миграция системалуу көрүнүш катары Кыргыз Республикасынын экономикасында орун алат. Экономиканын акча которуулардан көз карандылыгын эске алганда, эмгек мигранттарынын кесиптик квалификациясын жогорулатуу, эмгек миграциясынын багыттарын диверсификациялоо жана тез социалдык интеграциялоо мүмкүнчүлүгү орто мөөнөттүү келечекте чечүүчү мааниге ээ",-деп жазылат анда.

Дүйнөлүк банктын статистикасына ылайык, 2020-жылы чет жактагы кыргызстандык мигранттар мекенине 2,2 миллиарддан ашуун доллар которушкан. Бул ички дүң өнүмдүн 29,4% түзөт. Ал эми 2021-жылдын алгачкы он айында эле журтташтар которгон акчанын көлөмү 2,2 миллиард доллардан ашканын Улуттук банктын сайтынан көрсөк болот.

Соңку жылдары орто эсеп менен чет жактагы мигранттар Кыргызстанга жылына эки миллиарддан ашуун доллар которуп келишет.

Журтташтар кандай долбоорлорго инвестиция салса болот?

Көп жылдардан бери Украинада курулуш жаатында ишкерлик менен алектенген Таалай Сариев мамлекетте туруктуулук болсо, инвестицияны ар кандай долбоорлорго салса болот деген ишеничте.

Таалай Сариев, Украинадагы кыргызстандык ишкер.
Таалай Сариев, Украинадагы кыргызстандык ишкер.

"Мен 20 жылдан бери курулуш тармагында иштейм. Ырааккы Чыгыштан Европага чейин эл аралык соода иштерин жүргүзөм. Өзүмдүн тажрыйбама таянып, акыркы үч-төрт жылдан бери эңсеп келген бир кыялым бар. Борбор Азия базарына чыгыш үчүн курулушта пайдаланыла турган химиялык материалдары өндүргөн чакан завод курсамбы деп жүрөм",-дейт мекендешибиз.

Ал эми АКШдагы кыргыз диаспорасынын лидерлеринин бири, жыйырма жылга чукул Америкада жашаган Бакай Оморов соңку жылдары Кыргызстандагы жагдай менен таанышып, кайсы тармакка инвестиция салса болорун байкаштырып келет. Анын пикири боюнча тоо-кен тармагын иштетүүнү журтташтар өз колуна алса болот.

"Бизде алтындан башка дагы көп кендер бар. Ошондой эле кадимки ташты иштетсек болот. Кадимки эле бир куб ташты иштетип сатса, баасы миң доллардан ашат. Андан кыпындай калдык да чыкпайт. Ошондой эле медицина тармагына инвестиция кылыш керек экен. Анткени өлкөдө жакшы, заманбап медициналык техника жетишсиз. Медициналык каражаттарды алып келип медициналык туризмди өнүктүрсө болот. Андан тышкары бизде кургатылган мөмө-жемиштерди картөшкөдөй эле мүшөктөп сата беришет. Ошолорду башка мамлекеттердегидей кутуга салып, жакынкы эле Түркиядан үйрөнүп, ошолорду жакшы реэкспорт кылса болот".

Оморов айыл чарба тармагына инвестиция салуу керек экенин кошумчалады. Анын пикирин Москвадагы кыргыз ишкерлеринин бири Акбар Маразыков да колдойт. Ал 18 жылдан бери Орусияда эмгектенет. Алгач кадимки тейлөө кызматында иштеп баштап, мекенинде курулуш компаниясын ачууга жетишкен. Ошондой эле "Акыл муун" деп аталган билим берүү жаатында да атайын долбоорду колдоп жүрөт.

Акбар Маразыков, Орусиядагы кыргызстандык ишкер.
Акбар Маразыков, Орусиядагы кыргызстандык ишкер.

"Биз Ысык-Көл, Нарын облустарын атайын бир долбоордун алкагында кыдырып келдик. Баарынан да айыл-чарбаны өнүктүрүшүбүз керек. Сарай десе, биз баягы бурчу түшкөн ураган сарайды элестетебиз. Азыр сарай деген такыр башкача болот. Ошондой сарайларды куруп, сүт иштетип чыгаруучу, жумуртка өндүрүүчү чакан ишканаларды курсак болот. Азыр ушул жерден баардык тапканыбызды алып, Кыргызстанга барып салым кошконго даярбыз. Жашыбыз келди, тажрыбайбыз деги жетиштүү.

Журтташтарды ойлонткон инвестициялык климат

Чет жактагы бутуна турган журтташтар инвестиция салууга даяр турганы менен көбүн Кыргызстандагы инвестициялык климат ойлонтпой койбойт.

Жаңы Салык кодекси, “Экономикадагы өзгөчө кырдаал жөнүндө” мыйзам, укук коргоо жана фискалдык органдардын ыйгарым укуктарынын күчөшү, текшерүүлөрдүн көбөйүшү сыяктуу маселелер бир гана аларды эмес, өлкө ичиндеги ишкелерди да бир аз кооптондурат.

Чет жактагы журтташтар эң алды менен аларга жеңилдиктер зарыл экенин айтууда. Таалай Сариевдин пикиринде, инвестициялык климат жакшырса, журтташтар чет өлкөлүктөрдү да тартып келүүгө көмөктөшмөк.

"Эгер жеңилдиктер болсо, көп эле инвесторлорду алып келсе болот. Тышта мага окшогон миңдеген кыргыз атуулдары бар. Алар тажрыйба топтошкон, белгилүү бир деңгээлге жетишкен, инвестиция тартканга мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн ар биринин өз алдынча каражаты жетпей калышы мүмкүн. Ошол себептен бийлик арзан насыяларды сунуштаса, мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтсө жакшы болот. Ишкерлер келип, инвестиция салыш үчүн жакшы шарттар түзүлүш керек. Мисалы, беш жыл же сегиз жыл салык салбашы зарыл же башка жеңилдиктер сунушталыш керек. Инвестиция тартуунун көп жолу бар. Болгону жогору жактагы жетекчилер жакшылап ойлонуш керек"

Орусиядагы ишкер Акбар Маразыков чет жактан кайтып барган кыргыз инвесторлору бутуна тургуча текшерүүлөрдү азайтуу керек дейт.

"Бизге окшогон айылдан чоңоюп, четке чыгып тажрыйба топтоп, каражат жыйнап келген одуракай мигранттардан анын паспорту орусиялык болобу, америкалык болобу, кандай болбосун такыр салык салбай эле коюшса. Эгер ошондой жеңилдиктер болсо, орус ишкерлерин алып барат элем, алар менен кошо 10-20 кишиге болсо дагы жумушчу орун түзүлмөк. Ошентип сырткы миграцияны токтотуп жатпайбызбы. Качан эл өсүп-өнүккөндө мамлекет өнүгөт да. Мамлекет өзүнөн чыгып, өзүнүн киндигин кесип, кайра кайтып келген биздей балдарын кучак жайып тосуп алыш керек".

Эмгек мигранттарын "кыргыз экономикасына салып жаткан ири инвестор" деп жөн жеринен аташпайт. Көп жылдардын бери эксперттер жана эл аралык уюмдар кыргыз өкмөтүнө мигранттардын акча которууларына ишенүүнүн тобокелчилиги тууралуу эскертип келишет.

Журтташыбыз Бакай Оморов тескерисинче, азыр өлкөдө инвесторлор үчүн эң жагымдуу климат түзүлгөн деп эсептейт.

Бакай Оморов, Америкадагы кыргызстандык ишкер.
Бакай Оморов, Америкадагы кыргызстандык ишкер.

"Учурда инвесторлор үчүн Кыргызстанда климат эң жакшы деген ойдомун. Мамлекет өзү бутуна туруп кете элек болгондуктан, азыр инвесторлорго муктаж. Ал эми бир-эки жылдан кийин мамлекет бутуна туруп алса, андай деле муктаж болбой калат".

Акыркы эки жылдан бери чет жактагы журтташтарыбыз өлкөдө IT тармагынын өнүгүшүнө да барандуу салым кошуп келишет. Алардын айрымдары Кыргызстанга келип IT курстарын ачып, тыштан буюртма алып, ар кандай долбоорлорду ишке ашырууда.

Кыз-келиндерге арналган "Чырак"

Башкалары ар кандай социалдык долбоорлорду негиздеп, алыскы айылдардагы балдар-кыздарды, кыз-келиндерди жаңы технологияларды өздөштүрүүнү бекер үйрөтүп жатышат. Алардын бири - "Чырак" долбоору.

Бул долбоор окуганга каражаты жок кыз-келиндерди акысыз окутууга багытталган. Аны АКШда жашаган журтташтарыбыз Бакыт Абдишев менен Айдана Өмүрбаева, Германияда жашаган Азамат Токтакунов жана чет жакта окуп иштеп келген, "Жылдыз" IT академиясынын түптөөчүсү Тимур Мон негиздешкен.

Долбоор 2022-жылы толук ишке кирерин журтташыбыз Бакыт Абдишев айтып берди.

Бакыт Абдишов, Айдана Өмүрбаева балдары менен.
Бакыт Абдишов, Айдана Өмүрбаева балдары менен.

"Эл аралык аялдар күнү, 8-мартка карата долбоорубуздун биринчи сабагын баштасакпы деп турабыз. Ар кайсыл курактагы кыз-келиндерди алабыз. Эң башкысы өздөрү билим алууга дилгир, бирок төлөп окуганга кудурети чындап жетпеген кыз-келиндер болуш керек. Албетте, долбоордун башталышында кандайдыр бир тест болот. Азыр үч миңден беш миңге чейин адамды окутсакпы деп турабыз. Сабактардын баары онлайн болот. Эгерде демөөрчүлөр көбөйсө, санын дагы көбөйтө алабыз".

Кыз-келиндердин окуусу демөөрчүлөрдүн каражаты аркылуу жүрөт. Бакыт Абдишевдин айтымында, учурда чет жактан жүздөгөн адамдардын айрымдары акчалай каражатын которсо, башкалары устат катары жардам берүү ниетин билдирген.

"Кыргызстанга мекендештерибиз көп эле акча салышат. Ошол акчалардын баары негизинен күнүмдүк керектөөгө кетет. Бирок, билимге арналган долбоорлор аз. Ал эми Америкадагы мекендештердин көбү бизди аябай жакшы колдоп жатышат. "Балык бербей, кайырмак берип, өздөрү балык кармап жесин" деген позиция менен колдоп жатышат. Жаштарыбыз билимдүү болсо өлкөбүз өнүгөт деген ишеничтебиз. Биздин долбоорго кызыккандар аябай көп. Бул жерде жөн эле акчасын берип коюп, демөөрчү гана болбостон, көптөр ментор катары да жазылышты. Алардын баары кайсы бир компанияларда иштешкен, тажрыйбалары бар адамдар. Жардам беребиз деген кыз-келиндер Америкада аябай көп. Алар "кыз-келиндерди биз колдобосок, ким колдойт" деп чалып турушту. Бул бизге абдан жагымдуу болду".

Ошондой эле Бакыт Абдишев кимдир бирөө кыз-келиндерге техникалык жактан жардам берсе, тактап айтканда колдонулган компьютер же ноутбук менен каралашса болорун кошумчалады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG