Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:13

Демонстранттар Алматыдагы акимчиликке кирип барды


Алматыдагы “Нур-Отан” партиясынын кеңсеси. 5-январь, 2022-жыл.
Алматыдагы “Нур-Отан” партиясынын кеңсеси. 5-январь, 2022-жыл.

Бүгүн, 5-январда түштөн кийин демонстранттар Казакстандын Алматы шаарындагы акимчиликке кирип барды. Бул тууралуу бир катар казакстандык "Телеграм" каналдар жазып чыкты.

Буга чейин үч миң чамалуу киши желим союлдар менен полициянын катарын бузуп өтүүгө аракет кылганы кабарланган. Бир жарым миң чамалуу полиция кызматкери аларды токтотууга аракет кылып, көздөн жаш агызчу газ колдонду. Айрым басылмалар митингчилер менен полиция ортосунда кагылышуулар болгонун жазды.

5-январда күндүз демонстранттар Алматынын борбордук бөлүгүнө топтоло баштаган. Алар "4-январда полициянын автоунаасы тебелеп, бир киши каза болгонун” айтып, анын сөөгүн берүүнү талап кылышкан.

“Биз тынчтык митингине чыкканбыз. Биз эч кандай күч колдонгон жокпуз. Тескерисинче, алар бизге карата зомбулук көрсөттү. Ошондуктан ушундай нерселер болуп жатат”,-деп айтып берди митинчилердин бири “Азаттыктын” казак кызматына.

Алар бийлик өкүлдөрү диалогго эмес, күч колдонууга ыктап жатат деп айыпташууда. Шаарда мобилдик интернет мурдагыдай эле иштебей турат.

2-январда Жаңы-Өзөн, Актау баштаган бир нече шаарларда газдын кымбатташына каршы башталган акция өлкөнүн башка аймактарына да тарады. 5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Күч кызматтары көздөн жаш чыгаруучу жана кулак тундуруучу куралдар менен аткылашты. Өлкөдө интернет чектелгени кабарланды.

Полициянын автоунаалары өрттөлүп, Маңгыстау менен Алматыда өзгөчө абал жарыяланды. Алматыга 19-январга чейин комменданттык саат киргизилди. 5-январда президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, тийиштүү жарлык Акорданын сайтына жарыяланды.

Казакстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өлкө боюнча 200дөн ашуун адам кармалды. Мекеменин маалыматына караганда, Алматы, Чымкент жана Таразда “акимчиликтерге кол салуу болуп”, имараттар жабыркаган. Ошондой эле 95 милиция кызматкери жаракат алып, 37 кызматтык автоунаа жабыркаганы айтылды. Митингчилер арасындагы жабыркагандар боюнча маалымат айтылган жок. (AbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG