Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

Ирина Карамушкина кайрадан депутаттыкка ат салышарын билдирди


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаты Ирина Карамушкина Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) Бишкектин Свердлов шайлоо округунан парламенттин депутаттыгына талапкерлигин көрсөтөрү тууралуу билдирме тапшырганын 5-январда активист Рита Борбукеева билдирди.

Карамушкина 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого катышкан эмес.

БШКнын маалыматына караганда, 4-январга карата Бишкектеги №29 Свердлов жана №27 Биринчи Май округдарында өтө турган кайра шайлоого катышарын 15 адам билдирди.

Аталган эки округда ноябрдагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуш эң көп болгондуктан 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

БШКга билдирме тапшыргандар арасында алтынчы чакырылыштын депутаттары Элвира Сурабалдиева, Шайлообек Атазов жана Рыскелди Момбеков да бар.

Шайлоого катышарын мурдагы башкы прокурор Аида Салянова да билдирген.

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышында 120 депутат болгон. 29-декабрда ишин баштаган жетинчи чакырылыш 90 мандаттан турат. 90 депутаттын 36сы өлкө боюнча түзүлгөн округдардан бирден шайланып келет. Азырынча парламентте 34 округдун өкүлү иштеп жатат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG