Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:51

Кыргыз-кытай кызматташтыгынын 30 жылдыгы белгиленди


Кыргыз-кытай кызматташтыгынын 30 жылдыгына арналган жыйын. Бишкек. Улуттук филармония.
Кыргыз-кытай кызматташтыгынын 30 жылдыгына арналган жыйын. Бишкек. Улуттук филармония.

5-январда Бишкекте Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Ага президент Садыр Жапаров катышып, эки мамлекет достуктун жана стратегиялык өнөктөштүктүн негизинде кызматташа берерин билдирди:

“Кызматташтыгыбыз мурдагыдан да натыйжалуу болуп, экономикалык жана транспорттук-логистикалык, суу, айыл чарбасы жана башка тармактарда бир катар приоритеттүү долбоорлорду ишке ашыруу башталарына ишеним артамын”.

Кытайдын башчысы Си Цзинпин президент Садыр Жапаровго куттуктоо катын жолдоп, кызматташтык “ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыгып жана дүйнөлүк коомчулук үчүн жаңы типтеги мамлекет аралык мамилелердин үлгүсү болгонун” белгилеген.

Салтанаттуу жыйынга Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн катышты. Иш-чара эки өлкөнүн өнөрпоздорунун концерти менен жыйынтыкталды.

Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилеси 1992-жылы негизделген.

Эки мамлекеттин ортосундагы чек ара 858 чакырымды түзөт.

Кыргызстандын соңку эсептеги 5 миллиард долларга чукул тышкы карызынын орчундуу бөлүгү Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына туура келет.

Бээжин менен Бишкектин экономикалык алакасы алдыга чыгып, Кытайдын Шинжаң аймагында этностук кыргыздар дуушар болуп жаткан көйгөйлөргө кыргыз бийлиги көзүн жуумп келет.

Эл аралык коомчулук Кытайдагы саясий лагерлерде 1 миллиондон ашуун мусулман камалып турганын айыптап, андай жайларды жабууга үндөп жүрөт.

Ал эми Бээжин Шинжаңда улуттук азчылыктардын укугу бузулуп жатканын четке кагып, саясий лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор деп мүнөздөп келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG