Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

“Манас” аэропорту: Казакстандан менчик учак келген жок


“Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова Кыргызстанга Казакстандан менчик учак учуп келди деген кабарларды төгүндөдү.

Ал "Фейсбуктагы" баракчасындагы билдирүүсүндө, 5-январда Казакстандан Бишкекке учак кондурууга кайрылуу түшкөн эместигин жазды.

"Алматыдан “Тез Жет” компаниясынын чартердик каттамы бош келген. Ал Оштон Алматыга учуп кеткен болчу. Ал эми бүгүнкү “Эйр Астана” компаниясынын Алматы-Бишкек-Алматы каттамы жүргүзүлгөн жок",- деди Курбанова.

Буга чейин социалдык тармактарда Казакстандан Кыргызстанга менчик учак учуп келгени жөнүндө кабарлар тараган.

Демонстранттардын тобу Алматы шаарындагы аэропортту ээлеп алганын Телеграмдагы Orda_kz каналы күбөлөргө шилтеме кылып маалымдады. Азырынча бул маалыматты бийлик өкүлдөрү ырасташа элек.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Аны улай президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, коомдук тартипти бузгандарга катаал чара көрүлөрүн эскертти. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG