Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:23

ТИМ Кыргызстандагы тажик элчилигине нота тапшырды


Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.
Кыргызстандын жана Тажикстандын мамлекеттик туулары.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кыргыз жарандарынын Тажикстандан чыгаруу чечимине тынчсыздануусун билдирди. 3-январда Бишкектеги тажик элчилигине тиешелүү нота тапшырылганын мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.

ТИМ өлкөдөн чыгарылган кыргыз жарандарынын Тажикстанда үй-бүлөсү, балдары, карыган ата-энелери бар экенин, алар кароосуз калышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

Кыргыз тарап маселе сүйлөшүү, достук мамилелерде эл аралык укуктук нормалар менен чечилиши керектигин белгилеген.

Буга чейин Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстан себебин эч түшүндүрбөстөн 50 кыргызстандыкты өлкөдөн чыгарып жибергенин билдирген.

Мекеменин маалыматына караганда, 2-январда кыргыз-тажик чек арасындагы “Карамык” өткөрмө бекети аркылуу Кыргызстанга Тажикстанда жашаган 47 кыргыз жараны өтүп келген. Алар Тажикстандын Жерге-Тал районунда туулуп-өскөндөр. Үй-бүлө мүчөлөрү тажик жарандары жана алар Тажикстанда жашашат. 4-январда Кыргызстандын дагы үч жараны чыгарылган.

Тажикстандын расмий органдары бул тууралуу азырынча маалымат бере элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG