Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:14

Токаев Казакстандын Коопсуздук кеңешин жетектөөнү колуна алды


Нурсултан Назарбаев.
Нурсултан Назарбаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге кайрылуу жасап, Коопсуздук кеңешинин башчылыгын колуна алганын билдирди. Буга чейин аны Нурсултан Назарбаев башкарып турган эле. Президент мамлекеттик телеканалдар аркылуу жасаган кайрылуусунда каршылык акциялар учурунда күч органдарынын кызматкерлеринен курман болгондор бар экенин айтты.

“Кандай болгон күндө дагы башкалаа Нур-Султанды таштап чыгып кетүү ниетим жок ”, - деген Токаев элди тынчтыкка чакырды.

Коопсуздук кеңешинин төрөгасы – Казакстандагы жогорку кызматтардын бири. Казакстанды 30 жылдай башкарган Назарбаев 2019-жылдын март айында президенттиктен кеткен. Коопсуздук кеңешине көзү өткөнчө мүчө болуу укугуна ээ. Ага чейин "Элбасы" деген наам ыйгарылган.

Байкоочулар 82 жаштагы Назарбаев мурдагыдай эле өлкөнү де-факто өзү башкарып жатканын айтып, аны Кытайдын мурдагы лидери Дэн Сяопин менен салыштырып келишет. Ал кызматтан кеткени менен мамлекеттин саясатын башкарууну узак жылдарга чейин өз колунан чыгарбай келген.

2-январда Жаңы-Өзөн, Актауда газдын кымбатташына каршы акция башталып, өлкөнүн башка аймактарына да тарады. 5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына, Алматы облусу менен Маңгыстауда өзгөчө абал жарыяланган. Анын алкагында шаарларда комендантык сааттар киргизилүүдө. Режимдер 19-январга чейин деп белгиленген. 5-январда президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, тийиштүү жарлык Акорданын сайтына жарыяланды.
ИИМ 200дөн ашуун киши кармалганын, “акимчиликтерге кол салуу болуп”, имараттар, полициянын 37 кызматтык автоунаасы талкаланганын билдирген. Ошондой эле 95 полиция кызматкери жаракат алганы айтылды. Митингчилер арасындагы жабыркагандар боюнча расмий маалыматтар жок. (AbA)

XS
SM
MD
LG