Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:31

Казак президенти Токаев ЖККУга кайрылды


Казак президенти Касым-Жомарт Токаев.
Казак президенти Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун лидерлеринен жардам сурады. Бул тууралуу Казакстандагы Vlast.kz сайты жана бир катар телеграм каналдары 6-январга оогон түнү кабарлашты. Маалыматка ылайык, Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн топтор" уюштуруп жатканын билдирген.

“Жамааттык коопсуздук тууралуу келишимге таянуу менен мен бүгүн Казакстанга бул террордук коркунучту жөнгө салууга жардам көрсөтүү өтүнүчү менен ЖККУ мамлекеттеринин башчыларына кайрылдым. Чындыгында бул коркунуч эле эмес, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирүү”, - деп айткан Токаев.

Мунун алдында Беларусту узак жылдан бери башкарып жаткан Александр Лукашенко Казакстандагы кырдаалга байланыштуу президент Касым-Жомарт Токаев жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен өз-өзүнчө телефондон сүйлөшкөн.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары Назарбаевди кызматтан кетүү үндөгөн “Чал, кет!” деген сыяктуу чакырыктар айтылды.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Алматыда дагы деле кырдаал курч экени кабарланып жатат.

Буга чейин Казакстандын мурдагы премьер-министри Акежан Кажегелдин сыяктуу бозгундагы бир катар казак саясатчылары президент Токаев көчөгө чыккан эл менен сүйлөшүүсү керек экенин айтышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG