Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Казакстандагы нааразылыктар учурунда сегиз полиция кызматкери каза болду


Казакстандагы нааразылыктарды басуу учуру. 5-январь, 2022-жыл.
Казакстандагы нааразылыктарды басуу учуру. 5-январь, 2022-жыл.

Казакстандагы нааразылыктар учурунда сегиз полиция кызматкери каза болду. Бул тууралуу tengrinews.kz сайты өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянуу менен кабарлады.

Мурдараак казак президенти Касым-Жомарт Токаев да акциялар учурунда күч кызматтарынын арасында жоготуулар болгонун маалымдаган. Соңку маалыматтарда дагы 300дөй кызматкер жаракат алганы айтылды.

Ушуга улай эле бир катар жергиликтүү басылмалар нааразылыкка чыккан жарандар арасында да курмандыктар бар экенин жазып жатышат. Оор жаракат алгандар жана жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгендер жөнүндө да кабар чыккан. Бирок жарандар арасындагы курмандыктар расмий тактала элек.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн бардык аймагында өзгөчө абал режимин жарыялган. Ага чейин эки шаар жана эки облуста киргизилген эле. Өзгөчө абалдын алкагында шаарларда комендантык сааттар киргизилүүдө. Режимдер 19-январга чейин деп белгиленген.

Акыркы саттарда Казакстанда интернет өчүп, сайттар, анын ичинде “Азаттык” радиосунун сайты да ачылбай калды.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. 5-январга караган түнү митингдер полиция менен кагылышуу жана мамлекеттик имараттарды бастырып кирүү менен уланды.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Аны улай президент Касым-Жомарт Токаев жасаган кайрылуусунда коомдук тартипти бузгандарга катаал чара көрүлөрүн эскертти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG