Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:35

Nexta Live: Талдыкоргондо Назарбаевдин эстелиги кулатылды


Талдыкорганда Назарбаевдин эстелиги кулатылганын күбөлөгөн сүрөттөр. Булак: Nexta Live
Талдыкорганда Назарбаевдин эстелиги кулатылганын күбөлөгөн сүрөттөр. Булак: Nexta Live

Талдыкоргон шаарында Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин айкели кулатылганын ырастаган сүрөттөр Телеграмдагы Nexta-Live сыяктуу бир катар каналдарга тарады. Анда эстелик экиге бөлүнүп, жерде жатканын көрүүгө болот.

Азырынча бул сүрөттөрдү көз карандысыз булактар аркылуу ырастоого мүмкүн боло элек. Казак бийлигинин өкүлдөрү да окуя боюнча маалымат бере элек.

Буга чейин Талдыкорганда чогулган митингчилер Назарбаевдин эстелигине жип байлап, аны кулатууга аракет кылып жатканы көрүнгөн видео интернетке тараган. Бирок ал видеодо айкел кулап түшкөнү тартылган эмес.

81 жаштагы Нурсултан Назарбаев Казакстанды 30 жылдай башкарып келип, 2019-жылы бийликти Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берген. Бирок ал Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары саясий таасир сактап калган.

5-январда Токаев элге жолдогон видео кайрылуусунда бул кеңештин төрагалыгын өз колуна алганын айтты.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары Назарбаевди кызматтан кетүү үндөгөн “Чал, кет!” деген сыяктуу чакырыктар айтылууда.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Аны улай президент Токаев кайрылуу жасап, коомдук тартипти бузгандарга катаал чара көрүлөрүн эскертти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG