Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:04

Токаев: Күч кызматкерлеринин арасында каза болгондор бар


Касым-Жомарт.
Касым-Жомарт.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү кырдаал боюнча мамлекеттик телеканалдар аркылуу кайрылуу жасады. Анда башаламандык учурунда каза болгондор да бар экенин айтты

“Биздин сүйүктүү шаарыбызда тартип коргоо органдарынын кызматкерлерине массалык түрдө кол салуу болуп жатат. Алардын арасында каза болгондор жана жаракат алгандар бар", - деди Токаев.

Ал Алматынын тургундарынын коопсуздугуна коркунуч жаралып жатканын, демонстранттарга катуу чара көрүлөрүн эскертти.

“Мен президент катары жарандардын коопсуздугу жана тынчтыгын, Казакстандын бүтүндүгү коргошум керек. Мен кабыл алган чаралар көп улуттуу Казакстандын бакубаттуулугуна багытталган. Акцияга чыккандардын арасында бейбашчылыктын элементтери көбүрөөк байкалып жатканын айтып коюш керек. Бул финансылык кызыкчылыктары бар кутумчулардын атайын пландалган аракеттеринен кабар берип турат. Ооба, кутумчулар деп атайм. Ошондуктан мен мамлекет башчысы жана бүгүнкү күндөн тартып Коопсуздук кеңешинин төрагасы катары өтө катуу чараларды көрөм. Бул өз өмүрүн жана үй-бүлөлөрүн коргоо үчүн жардам сурап жаткан биздин жарандардын коопсуздугу. Бул биздин мамлекеттин коопсуздугу маселеси. Эл мени колдойт деп ишенем. Кандай болбосун мен борбордо кала берем. Калк менен бир болуу менин конституциялык милдетим. Казакстандын тарыхындагы кара такты чогуу жеңебиз",-деди ал.

5-январда түштөн кийин демонстранттар Казакстандын Алматы шаарындагы акимчиликке кирип барды. Чогулгандар желим союлдар менен полициянын катарын бузуп өтүшкөн. Полиция кызматкерлери аларды токтотууга аракет кылып, көздөн жаш агызчу газ колдонду. Айрым басылмалар митингчилер менен полиция ортосунда кагылышуулар болгонун жазды.

Бийлик башындагы “Нур Отан” партиясынын Алматыдагы имараты жана Алматы шаардык прокуратурасынын имараттары өрттөлдү.

Казакстандын Актөбө шаарында демонстранттар менен полиция ортосундагы кагылышуу уланууда. Саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Рүстем Исаев жети адамды “Тез жардам” кызматы алып кеткенин ырастады. Башка шаарларда чогулгандар акимиаттардын алдында жана борбордук аянттарда топтолуп турушат.

2-январда Жаңы-Өзөн, Актауда газдын кымбатташына каршы акция башталып, өлкөнүн башка аймактарына да тарады. 5-январга караган түнү айрым жерлерде полиция менен кагылышуулар орун алды. Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында, Алматы шаарында, Алматы менен Маңгыстау облустарында өзгөчө абал жарыяланган. Анын алкагында шаарларда комендантык сааттар киргизилүүдө. Режимдер 19-январга чейин деп белгиленген. 5-январда президент Касым-Жомарт Токаев өкмөттү отставкага кетирип, тийиштүү жарлык Акорданын сайтына жарыяланды.

ИИМ 200дөн ашуун киши кармалганын, “акимчиликтерге кол салуу болуп”, имараттар, полициянын 37 кызматтык автоунаасы талкаланганын билдирген. Ошондой эле 95 полиция кызматкери жаракат алганы айтылды. Митингчилер арасындагы жабыркагандар боюнча расмий маалыматтар жок. (ErN)

XS
SM
MD
LG