Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:29

Казакстандын бардык аймагында өзгөчө абал режими жарыяланды


Казакстандын нааразылык өтүп жаткан аймактары. "Азаттыктын" орус кызматынын инфографикасы.
Казакстандын нааразылык өтүп жаткан аймактары. "Азаттыктын" орус кызматынын инфографикасы.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн бардык аймагында өзгөчө абал режимин жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын akorda.kz сайты кабарлады.

Президент соңку нааразылыктардын фонунда алгач Алматы менен Маңгыстау облустарына, кийин Алматы шаары менен Нур-Султан шаарларына өзгөчө абал жарыялаган. Анын алкагында шаарларда комендантык сааттар киргизилүүдө. Режимдер 19-январга чейин деп белгиленген.

Акыркы саттарда Казакстанда интернет өчүп, сайттар, анын ичинде “Азаттык” радиосунун сайты да ачылбай калды. Телефон байланышы да начарлады. “Азаттыктын” Алматыдагы жана башка аймактардагы кабарчылары тарткан видео, фотолорун жөнөтө албай жатышат.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. 5-январга караган түнү полициялар менен кагылышуу жана мамлекеттик имараттарды бастырып кирүү менен уланды.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Аны улай президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, коомдук тартипти бузгандарга катаал чара көрүлөрүн эскертти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG