Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:53

Лукашенко Токаев жана Путин менен Казакстандагы кырдаалды талкуулады


Александр Лукашенко, Касым-Жомарт Токаев жана Владимир Путин. Архивдик сүрөт.
Александр Лукашенко, Касым-Жомарт Токаев жана Владимир Путин. Архивдик сүрөт.

Беларусту башкарып жаткан Александр Лукашенко Казакстандагы кырдаалга байланыштуу анын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу Беларустун president.gov.by мамлекеттик сайты жазды.

Расмий билдирүүдө айтылгандай, Лукашенко алгач Путин менен сүйлөшкөн, кийин казакстандык кесиптеши менен өлкөдөгү кырдаалды талкуулаган. Маалыматта Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн лидерлери тынымсыз байланышта болуп жатканы айтылат.

Акыркы саттарда Казакстанда интернет өчүп, сайттар, анын ичинде “Азаттык” радиосунун сайты да ачылбай калды. Телефон байланышы да начарлады. “Азаттыктын” Алматыдагы жана башка аймактардагы кабарчылары тарткан видео, фотолорун жөнөтө албай жатышат.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. 5-январга караган түнү ал жапырт өрүш алып, полициялар менен кагылышуу жана мамлекеттик имараттарга бастырып кирүү менен уланды.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Аны улай президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, коомдук тартипти бузгандарга катаал чара көрүлөрүн эскертти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG