Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Алматыда “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчыларына ок атылды


Митингчилер Алматынын акимчилигине кирүүгө аракет кылып жаткан учур. 5-январь, 2022-жыл.
Митингчилер Алматынын акимчилигине кирүүгө аракет кылып жаткан учур. 5-январь, 2022-жыл.

Алматы шаарынын борбордук аянтында “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматынын кабарчыларына ок атылды. Бул тууралуу аталган кызматтын жетекчиси Төрөкул Дооров “Настоящее время” телеканалына курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул окуя 5-январда митингчилер Алматынын акимчилигинин имаратына чабуул коюп жаткан маалда болгон. Белгисиз адамдар демонстранттарга жана журналисттерге да ок аткан.

Дооров кимдер ок чыгарганы так белгисиз экенин, себеби алар номуру жок автоунаада болгонун айтты. Азырынча журналисттерге кандай ок атылганы так эмес.

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы жана оператору окуя болгон жерден качып кетүүгө үлгүрүшкөн.

Төрөкул Дооров “Азаттыктын” Казакстандагы бюросунун иши жана интернет менен телефон байланышы үзгүлтүккө учураганын кошумчалады.

Буга чейин күч кызматкерлери “Азаттыктын” казак кызматынын журналисттеринен Нур-Султандагы имаратынан кечки саат 10го чейин чыгып кетүүнү талап кылып, болбосо таңга чейин кеңседен чыга албай каларын эскертишкен. Мындай талап коменданттык саатка байланыштырылган.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG