Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:08

ЕБ Казакстандын бийлигин интернетти чектебөөгө, зомбулукка барбоого үндөдү


Казакстандагы нааразылыктар. 5-январь, 2022-жыл.
Казакстандагы нааразылыктар. 5-январь, 2022-жыл.

Европа Биримдиги Казакстанда уланып жаткан нааразалыктарга байланыштуу билдирүү таратып, кырдаалдын өнүгүшүнө тыкыр көз салып турганын маалымдады.

“Биз тиешелүү бардык тараптарды зомбулукту мындан ары да күчөтүп жиберүүгө мүмкүн болгон аракеттерден карманууга жана абайлап, жоопкерчилик менен иш жүргүзүүгө чакырабыз. Европа Биримдиги тынч демонстрациялар укугун белгилөө менен ал зомбулуксуз жана талап-тоноого жол бербеген абалда калат деп күтөбүз. Европа Биримдиги ошондой эле бийликтерди жарандардын эң негизги нааразылык билдирүү укугун сыйлоого жана коосуздук боюнча өз кызыкчылыктарын коргоодо күчтү ченеп колдонууга үндөйт”,-деп айтылат анда.

ЕБ ошондой эле Казакстанды жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин, маалыматка жетүү укугун жана интернеттин кенен иштешин камсыздоого үндөгөн. Соңунда кырдаалды тынчтык жол менен жана диалог аркылуу чечүүгө чакырган.

Акыркы саттарда Казакстанда интернет өчүп, сайттар, анын ичинде “Азаттык” радиосунун сайты да ачылбай калды. Телефон байланышы да начарлады. “Азаттыктын” Алматыдагы жана башка аймактардагы кабарчылары тарткан видео, фотолорун жөнөтө албай жатышат.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. 5-январга караган түнү ал жапырт өрүш алып, полициялар менен кагылышуу жана мамлекеттик имараттарды бастырып кирүү менен уланды.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Аны улай президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, коомдук тартипти бузгандарга катаал чара көрүлөрүн эскертти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG